Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Ош: Жергиликтүү шайлоодон четтетилген партия нааразы болууда


"Тилектештик" партиясынын өкүлдөрү. Адыкайым Кангелдиев оңдон экинчи.
"Тилектештик" партиясынын өкүлдөрү. Адыкайым Кангелдиев оңдон экинчи.

Ошто шаардык кеңешке шайлоого катышууга ниеттенген “Тилектештик” саясий партиясы шайлоодон четтетилгенине нааразы болууда. Ошону менен катар партия өкүлдөрү айрым талапкерлеринин документтери аймактык шайлоо комиссиясында жоголуп кеткенин айтып, укук тартибин коргоо органдарына арызданмай болуп жатышканын 12-мартта өткөн пресс-конференцияда билдиришти.

Аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Жыргалбек Кадыровдун билдиришинче, аталган партия талапкерлер тууралуу документтерди толук тапшырган эмес.

Партия өкүлү Адыкайым Кангелдиев 52 талапкердин документтери толук тапшырылганын айтты.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шаардык кеңештерге үгүт бүгүн, 12-мартта башталды.

Ош шаарында жергиликтүү кеңештеги 45 орунга тогуз партиядан («Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Бүтүн Кыргызстан», «Ишеним», «Бир Бол», «Ыйман нуру», «Ынтымак», «Улуу журт» жана «Республика») 702 талапкер ат салыша баштады. (MrA)

XS
SM
MD
LG