Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Мелис Мырзакматов: Ошто шайлоо таза өтпөйт


Мелис Мырзакматов
Мелис Мырзакматов

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов бул тууралуу журналист Адыл Акжол уулуна берген интервьюсунда айтты. Ал 12-мартта президент Садыр Жапаров менен жолугуп шайлоого байланыштуу маселени талкуулаганын билдирди.

Анын сөзүнө караганда, өлкө башчы шайлоо таза өтөрүн айтты. Мырзакматовдун маалыматы боюнча, бирок Ош облусунда шайлоо өнөктүгүндө мыйзам бузуу болуп жатат.

«Административдик ресурс аябай колдонулуп жатат. Алдын ала эле айтып коёюн шайлоо таза өтпөйт. «Муну алдын алыш керек» деп айтыла турчу жерлерге айтып атабыз. Бишкек менен Ошто шайлоонун айырмасы ат менен төөдөй. Бишкекте таза өтөт. Ошто андай эмес».

Бишкек шаардык кеңешине 25 партиядан 1 820 талапкер, Ош шаарында жергиликтүү кеңешке тогуз партиядан 702 талапкер катышууда. Бишкек жана Ош шаардык кеңештери 45 мандаттан турат. Шайлоодон утуп чыккан саясий партиялар 4 жыл иштейт.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттары шайланат. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталган. Ал 10-апрелге чейин созулат. (BTo)

XS
SM
MD
LG