Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:14

БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоо өнөктүгүнө 179 ЖМКны каттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө катышуу үчүн 179 жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациядан өткөрдү.

БШКнын маалыматына ылайык анын ичинен 115и телеканал, радиокомпаниялар жана гезиттер. Калган 64ү интернет порталдар.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталган. Ал 10-апрелге чейин созулат.

Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 8 326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдар үчүн 2 858 квота берилген.

Саясий партиялар жана жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлер үгүт өнөктүгүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарнама беришет. (BTo)

XS
SM
MD
LG