Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:04

Лукашенко: Беларус “Еврокароо” сынагына башка ырды сунуштайт


Беларустан сунушталган “Galasy Zmesta” тобунун "Мен сага үйрөтөм" (“I'll Teach You”) ыры “Еврокөрсөтүү” (“Eurovision”) обондуу ырларынын 2021-жылкы  сынагынан чыгарылып салынды.
Беларустан сунушталган “Galasy Zmesta” тобунун "Мен сага үйрөтөм" (“I'll Teach You”) ыры “Еврокөрсөтүү” (“Eurovision”) обондуу ырларынын 2021-жылкы  сынагынан чыгарылып салынды.

Беларустун өкүмдары Александр Лукашенконун айтымында, анын өлкөсү “Еврокароо” (“Eurovision”) обондуу ырларынын 2021-жылкы сынагына жаңы сунуш жибере алат. Бул өлкөнүн быйылкы алгачкы талапкеринин ыры “саясий” деп мүнөздөлүп, уюштуруучулар тарабынан четке кагылган болчу.

Беларустан сунушталган “Galasy Zmesta” тобунун "Мен сага үйрөтөм" (“I'll Teach You”) ыры Лукашенкону мактап-жактаган саптары жана "Сага ыргак менен бийлөөнү үйрөтөм, Сага кайырмактагы жемди алууну үйрөтөм" деген сыяктуу сөздөрдү колдонгондугу үчүн өзүнө карата терс таасир жараткан.

“Еврокароо” сынагынын уюштуруучулары 11-мартта Минск сунуштаган талапкерден баш тартып, эгерде Беларус обондуу ырдын өзгөртүлгөн вариантын же жаңы талапкерди сунуштабай турган болсо, анда ал сынактан чыгып калат, деп катуу эскерткен.

Европа Берүүлөр Биримдиги (EBU) обондуу ыр ырдалган чакта бул эл аралык сынактын "саясий эмес мүнөзүнө" шек жаратыла тургандыгын жана "сунуш кылынган обондуу ыр пайда кылган пикирлер жалпы Европа Берүүлөр Биримдигинин беделине кесепетин тийгизиши ыктымалдыгын” билдирди.

Минск шаарындагы "Галерея" соода борборунун жанынан кара кол чатырга кызыл тасма таккан кара кийимчен аялдар басып өтүштү. Бул - өлкөдөгү саясий туткундарды колдоо иш-чарасы болду. Беларус. 2021-жылдын 12-марты.
Минск шаарындагы "Галерея" соода борборунун жанынан кара кол чатырга кызыл тасма таккан кара кийимчен аялдар басып өтүштү. Бул - өлкөдөгү саясий туткундарды колдоо иш-чарасы болду. Беларус. 2021-жылдын 12-марты.


Былтыр 9-августта өткөн президенттик шайлоо одоно бурмаланды деген айыптоолорго карабастан, БШК Лукашенкону жеңүүчү деп тапкан. Дагы бир мөөнөткө бийлик берилген Лукашенко мырзанын кызматтан дароо кетүүсүн талап кылган калайык дээрлик күн сайын ар кыл нааразылык чараларын уюштуруп келет.

Өкмөттүн демонстранттарга каршы куугунтуктоосунун жүрүшүндө өлкөдө 30 миңден ашуун киши кармалды, жүздөгөн кишилер ур-токмокко алынды жана бир нече киши өлтүрүлдү.


18–22-май күндөрү Нидерланддардын порт шаары Роттердамда “Еврокароо” сынагы өткөрүлөт. Сынактын уюштуруучуларына саясий ырды сунуштаган Беларусту бул ыр майрамынан чыгарып салуу чакырыктары улам күчөп айтыла баштаган.

Лукашенко 13-мартта бул ыр чатагына байланыштуу алгачкы жолу оюн билдирип: "Алар бизди ар тараптан кыса башташты. Муну мен ал түгүл “Еврокароо” сынагынан да көрүп турам”, – деп айтты. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы анын "Биз башка обондуу ыр жаратабыз!" деп кошумчалап айтканын да маалымдады. (TT)

XS
SM
MD
LG