Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Eurovision: ырга аралашкан саясат


Украина "Евровидение" ыр жарышын чагылдырууга Киевге бараткан орусиялык эки журналистти өлкөгө кое бербей койду. Буга чейин Орусиянын атынан катыша турган Юлия Самойловага Украинага кирүүгө тыюу салынган эле. 42 өлкөнүн өкүлдөрү адегенде 9-11-май күндөрү жарым финалда күч сынашмакчы. "Евровидение 2017" ыр сынагынын финалы ишемби, 13-майда өтөт.

Кабарларга караганда, “Комсомольская правда” гезитинин эки журналисти "Евровидениени" чагылдырууга аккредитация алган. Бирок Украина менен чек арада кармалып, артка жөнөтүлгөн.

Чек ара кызматынын маалымат катчысы Олег Слободяндын айтымында, кабарчыларга үч жылга чейин Украинага кирүүгө тыюу салынды.

“Евровидениеге" аккредитация алуу чек арадан өтсө болот дегенге жатпайт", - деп жазды Слободян Фейсбукка.

“Комсомольская правда” гезити эки кабарчысы Укранага кое берилбегенин ТАСС агенттигине ырастады.

Орусиялык ырчы Юлия Самойлова
Орусиялык ырчы Юлия Самойлова

61 жылдан бери өткөрүлүп келаткан ыр жарышы музыка аркылуу элди бириктирүүнү көздөгөнү менен иш-чара саясий тирештин чордонуна айланган учурлар өзгөчө акыркы жылдары көбөйдү.

Апрель айында Орусиянын быйылкы өкүлү Юлия Самойлова 2015-жылы Москва тарабынан аннексияланган Крым жарым аралындагы концертке катышуу менен Украинанын мыйзамдарын бузгандыгы үчүн өлкөгө киргизилбеси айтылган.

Орусия Киевдин бул чечимин катуу сындап, Самойлованын ордуна башка талапкерди жөнөтүүгө же видео байланыш аркылуу катышууга көнбөй койгон. Кийин Украинанын мындай жоругу жарыштын маани-маңызына каршы келерин айтып, таптакыр катышпоону чечкен. Биринчи канал Евровидениени быйыл көргөзүүдөн баш тартты.

Украина Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Орусия сынак маалында ар кандай чагымчыл аракеттерге барышы мүмкүн деген чочулоо барын билдирди.

Өткөн жылы украиналык крым татарлардан чыккан Жамала жарым аралдагы элдин сталиндик репрессияга туш болгонун сүрөттөгөн ыры менен жеңип, бул жолку жарышты өткөрүү укугу Украинага берилген.

Жарым финал 9-11-май күндөрү, финалы болсо ишемби 13-майда өтмөкчү. Ал эми сынактын расмий ачылышы жекшембиде болду. 42 өлкөнүн өкүлдөрү кызыл килемден өтүштү.

Көпчүлүк адистер италиялык Франческо Габбани утушу мүмкүн деп боолгоп жатышат.

- Эмне деп айтарымды да билбейм. Балким, ырдын өзү жагат. Көп көңүл бийге да бурулат. Балким, менин жылмайганым жагаттыр. Анан мурутум да бар. Бийлеген мурут!

Дагы бир фавориттердин бири – бельгиялык өспүрүм Бланш деген ырчы өз өлкөсүндөгү таланттар сынагында чейрек финалга чыгып таанылган.

Киевде ал “Шаардын оттору” деген ырды аткармакчы.

- Атаандаштардан корккон жокмун. Бул ыр сынагы абдан кызыктуу болот деп ойлойм. Албетте жеңгибиз келет. Бирок катышуунун өзү эле кызыктуу. Көптөгөн өлкөлөрдүн жеңүү мүмкүнчүлүгү бар. Кимиси жеңерин билбейм. Биз утабыз деп үмүттөнөм.

Украина бийликтери сынакты көрүүгө баш калаага 12-14 миң турист келет деп күтүп жаткан кези.

Киевде Евровидение башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:54 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG