Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:18

Орусия быйыл Евровидениеге катышпайт


Юлия Самойлова
Юлия Самойлова

Орусия Евровидение ыр жарышына быйыл катышпайт. Бул тууралуу конкурсту уюштурган мекеме расмий билдирди. Орусиялык ырчы Юлия Самойловага Украинага кирүүгө тыюу салынгандан кийин Орусияга жарышка алыстан – телебайланыш аркылуу катышуу же башка талапкерди тандоо сунуш кылынган. Бирок Биринчи канал эки вариантты тең четке кагып, Евровиденинени көрсөтүүдөн баш тартты.

Орусиянын атынан тубаса майып Самойлова катышмак. Бирок Украинанын Коопсуздук кызматы ырчы 2015-жылы аннексияланган Крымда концертке катышып, мыйзамды бузган деп, өлкөгө үч жыл кирүүгө тыюу салган.

Евровидениенин уюштуруучулары бул чечимди өкүнүчтүү деп табышкан. Москва болсо анын артында саясат турарын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG