Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Eurovision-2017: Киев орус ырчыны киргизеби?


Орусиялык ырчы Юлия Самойлова.
Орусиялык ырчы Юлия Самойлова.

Бул жылы Украинада өтө турган Eвровидение-2017 сынагында Орусиянын намысын майып аткаруучу Юлия Самойлова коргойт.

Бала кезинен бери майып 28 жаштагы Юлия англис тилинде "Өрттөгөн жалын" деген ыр менен таймашка катышары өткөн аптада анык болду. Май айында Киевде өтчү эл аралык ыр таймашка Самойлованы жиберүү тууралуу орусиялык Биринчи каналдын чечими украин интернет колдонуучуларынын кызуу талкуусуна жем таштады.

“Тышкы иштер майданы” долбоорунун жетекчиси Андрей Клименко “Самойлова оккупацияланган Керч шаарында 2015-жылы 27-июнда Газманов жана Лолита менен бирге ырдаган. Негизи украин коопсуздук кызматы мындай артисттерди Украинага киргизбейт” - деп Фейсбук баракчасына жазды.

Ал эми Украинанын коопсуздук кызматынын пресс-катчысы Елена Гитлянская украиндердин улуттук кызыкчылык жана коопсуздук мыйзамдарына ылайык ырчыны өлкөгө киргизүү-киргизбөө маселеси каралып жатканын маалымдады. Самойлова Украинага кирүүгө тыюу салынган 100дөн ашык орусиялык маданият ишмерлер кирген “кара тизмеде” жок.

Украинанын улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деген жүйө менен өлкөгө кирүүгө тыюу салынгандардын сабында Иосиф Кобзон, Михаил Боярский, Олег Газманов, Сергей Безруков, Григорий Лепс, Стас Пьеха, Никита Михалков сыяктуу орусиялык өнөр адамдары бар.

Евровидение - 2016 сынагынын жеңүүчүсү, украиналык ырчы Жамала
Евровидение - 2016 сынагынын жеңүүчүсү, украиналык ырчы Жамала

Eвровидение - 2017 сынагына бара турган орусиялык ырчыга байланыштуу Кремль да үн катты. “Крымга элдин баары барган, Крымда болбогон киши жок. Кандай болсо дагы бул эл аралык сынак, андыктан аны уюштурган өлкө сынакты эрежеси менен өткөрүүсү керек” - деди Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков

Ырчы Филипп Киркоров "Евровидениеге” Юлия Самойлова баратканын кубаттап, майып экенине карабай таланты менен ийгиликке жеткен ырчы деп баалады. Ал эми Мамлекеттик Думадагы Маданият комитетинин жетекчисинин биринчи орун басары, Орусиянын эл артисти Иосиф Кобзон "Евровидение" сынагын “коммерциялык-саясий шоу” деп атап, орустардын ага катышуусуна караманча каршы.

Юлия Самойлованын Киевге ыр таймашка барары белгилүү болгондон тарта интернет колдонуучулардын, эркин журналисттер, блогерлердин кызуу талкуусу уланып жатат.

Былтыр Швецияда өткөн Eurovision сынагында украиналык Жамала жеңүүчү болгон. Андыктан сынак быйыл Украинада өтөт. Буга чейин Москва менен Киевдин ортосундагы чыңалуудан улам орустар катышуудан баш тартуусу мүмкүн деген сөздөр чыккан эле.

Юлия Самойлова 28 жашта. Дарыгерлердин шалаакылыгынан бала кезинде майып болуп калганын өзү айтат. Ал Орусиянын курамындагы Коми республикасынын Ухта шаарында туулган. Бала кезинен майыптардын арабасында отурган ырчы Орусияда ар түрдүү сынактарга катышып жүрөт, 2014-жылы Сочиде Паралимпиаданын ачылышында ырдаган.

Европа телерадиоберүү бирикмеси түптөгөн Eurovision шоусу 1956-жылдан бери өткөрүлүп келет. Жыл сайын 40тан ашуун мамлекеттин өкүлдөрү катышат. Сынактын биринчи жарым финалы 9-майга, экинчи жарым финалы 11-майга белгиленген. Ал эми бул жылдын мыкты аткаруучусу 13-майда белгилүү болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG