Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Ниддерланддар: Евровидениеге даярдалган жай убактылуу оорукана болот


Сынак 64 жылдык тарыхында биринчи жолу өтпөй калды.
Сынак 64 жылдык тарыхында биринчи жолу өтпөй калды.

Нидерланддардын Роттердам шаарынын жетекчилиги эл аралык Евровидение ыр сынагын өткөрүүгө даярдалган залга коронавирус менен ооругандарды жаткырууну чечти. Буга ооруканаларга бейтаптар батпай калганы себеп болду.

Ыр сынагына арналган жайда жалпысынан 680 керебет жайгаштырылмакчы жана алардын 80дейи даяр. Бейтаптар дүйшөмбүдөн тарта кабыл алынат.

Май айынын ортосуна белгиленген ыр сынагы коронавирус пандемиясына байланыштуу 64 жылдык тарыхында биринчи жолу өтпөй калды. Былтыр Израилде уюштурулуп, анда нидерланддык Дункан Лоуренс жеңүүчү болгон. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө өтөт.

Нидерланддарда COVID-19 илдетине 27 миң адам кабылды, үч миңден ашууну каза тапты.

XS
SM
MD
LG