Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:49

Украина "Евровидение" боюнча айыпка жыгылды


Ыр сынактын жарым финалы, 9-май 2017-жыл.
Ыр сынактын жарым финалы, 9-май 2017-жыл.

Украинанын улуттук телеканалына (UA:PBC) май айында Киевде өткөн "Евровидение" ыр сынагына орус ырчысын катыштырбаганы үчүн ири өлчөмдөгү айып пул салынды.

Украин бийлиги сынактын катышуучусу, орусиялык ырчы Юлия Самойлованы Крым жарым аралына уруксатсыз барган деген жүйө менен өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алган. Орусия буга жооп кылып, эл аралык сынакты өз аймагына түз алып көрсөтпөй койгон.

"Натыйжада элдин көңүлү сынактан бурулуп кетти жана "Евровидение" ыр сынагынын аброюна шек келтирилди",- деп кабарлады Европалык алып көрсөтүүчүлөрдүн биримдиги.

UA:PBC каналынын директору Зураб Аласания 200 миң евро айып пул салынганын ырастап, компания бул чечимди апелляцияга берерин кабарлады.

XS
SM
MD
LG