Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

"Евровидение-2017" Киевде өтмөй болду


"Евровидение-2017" эл аралык ыр сынагы Киев шаарында өтөт. Бул тууралуу бүгүн Украинанын Улуттук телекомпаниясынын башкы директору Зураб Аласания билдирди.

Сынактын уюштуруучуларынын чечимин жакынкы күндөрү Евровидениенин Берлиндеги Байкоочу кеңешине өткөрүп беришет. Келерки жылы сынак каерде өтөрүн жарыялоо көптөн бери жылдырылып келди. Сунуштар Киев, Днепр, Одесса, Львов, Харьков жана Херсон шаарларынан түшкөн.

Быйыл май айында Стокгольмдо өткөн "Евровидениенин" финалында украиналык ырчы Жамала "1944" деген ыры менен утуп чыккан. Экинчи орунду австралиялык Дэми Им алган. Ал эми үчүнчү орунга Орусиядан Сергей Лазарев татыган. "Евровидение" 2005-жылы да Киевде өткөн болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG