Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:59

Тажик тектүү Манижа Орусиянын атынан Eurovision сынагына катышат


Манижа.
Манижа.

Тажик тектүү ырчы Manizha (Манижа) Орусиянын атынан Eurovision-2021 сынагына катышат. Ал "Биринчи каналдын" сынагында көрүүчүлөрдүн эң көп добушуна ээ болду. Манижа эл аралык сынакта "Орус аял" (Russian woman) деген ырды аткарат.

Былтыр пандемиянын айынан өтпөй калган сынакка Little Big тобу катышмак. Аталган топ эл аралык мелдешке быйыл баруу укугуна ээ болсо да, андан баш тартты.

Eurovision-2021 быйыл май айында Нидерландда өтөт. Уюштуруучулар кандай шартта болбосун, ыр таймаш болорун билдиришкен. Бирок залга көрүүчүлөр киргизилеби же жокпу, азырынча чечиле элек.

30 жаштагы Манижа Сангин Тажикстанда төрөлүп, кийинчерээк ата-энеси менен Москвага көчүп кеткен. 12 жашынан тартып музыка чөйрөсүндө жүрөт. Бир нече жыл Европада жашап келген. 2020-жылы БУУнун Качкындар агенттигинин элчиси болду. Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы жана тең укуктуулукка чакырган өнөктүктөрдүн активдүү катышуучусу.

Eurovision - 1956-жылдан бери өткөрүлүп келген популярдуу шоу-сынак. 2019-жылы Израилде уюштурулуп, нидерланддык Дункан Лоуренс жеңүүчү болгон. 2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам таймаш өтпөй калган. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө уюштурулат.

XS
SM
MD
LG