Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:49

Eurovision - 2018: феминизмден терроризмге чейин


Баш байге "Хрусталь микрофонго" Израил мамлекетинен келген ырчы Нетта ээ болду.
Баш байге "Хрусталь микрофонго" Израил мамлекетинен келген ырчы Нетта ээ болду.

12-майда Португалияда өткөн "Eurovision - 2018" ыр сынагынын финалдык таймашында ийгилик Израил мамлекетине ооду.

Баш байге "Хрусталь микрофонго" ырчы Нетта Барзилай ээ болду. Ал "Toy" ("Оюнчук") деп аталган феминисттик ыры менен катышты.

25 жаштагы ырчынын эркектердин аялдарга, айрыкча бийкечтерге “оюнчуктай” мамилесин какшыктап ырдаган чыгармасы мындан бир ай мурда эле букмекерлердин тизмесинде алдыңкы орунга чыккан эле. Ал эми музыкалык серепчилер "ди-джей-ырчынын харизмасы бар экен" деп жеңишке жооруган.

Калыстардын алдын ала добуш берүүсүнөн кийин биринчиликке австриялык Сезар Сэмпсондун “Nobody But You” ыры чыкты. Бирок көрармандардын добуштары эсептелгенде 529 упай менен израил ырчысы алдыга озду.

Алдыңкы беш орунга Израилден тышкары Кипр, Австрия, Германия жана Италия кирди. Букмекерлер башынан эле бул өлкөлөрдүн ырчыларын "мыктылар" деп атап жатышкан. Андан тышкары, Чехия, Швеция да Эстония да алдыңкы орундарга татыктуу деп божомолдонгон. Булар алтынчы, жетинчи жана сегизинчи орундарды камсыздашты.

"Eurovision" шоу таймашынын тарыхында бул Израилдин төртүнчү жеңиши. 1978, 1979 жана 1998-жылдары ушул өлкөнүн ырчылары уткан.

Нетта Барзилайды Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху “Твиттердеги” баракчасы аркылуу куттуктап, кийинки “Eurovision-2019” Иерусалим шаарында өтөөрүн да кыйытты.

Эрежеге ылайык, кайсы ырчы утса, кийинки сынак анын мекенинде уюштурулат. Бирок кайсыл шаарда өтөөрүн жеңген өлкөнүн өкмөтү өзү аныктайт.

Иерусалим —Израилдин расмий эмес борбору. Калаанын “макамы” араб-жөөт чыр-чатагын жайгаруудагы бирден бир тоскоолдук жараткан жагдай экени маалым. Палестин эли жана дүйнө коомчулугу шаардын чыгыш бөлүгү оккупацияланганын айтып келет.

“Eurovision” сынагына кайтсак, быйыл таймашка башында 43 мамлекеттин ырчылары аттанган. 8-майда жана 10-майда жарым финалдар өтүп, мыктылар иргелип, финалга жолдомо алышкан.

Жеңүүчүлөр көрөрмандардын онлайн-добушу жана калыстардын алдын ала берген баасы менен тандалды.

Бул ирет террорго каршы ырлар да жаңырды. Италиялык Эрмал Мета жана Фабризио Моронун чыгармасы дүйнө коомчулугун үшүн алган терроризмди айыптады. Ырдын саптары ар кайсыл тилдерде мониторго чыгып турду. Бул чыгарма 5-орунга татыктуу деп табылды. Франциялык "Мадам Месье" тобунун согушту айыптаган “Боорукерлик” деген ырында качкындар тууралуу кеп болот. Ал 13-орунду алды.

Орусия 2000-жылдан бери алгач ирет быйыл финалга катышпай калды. Бул өлкөнүн атынан тубаса майып Юлия Самойлова барган эле. Орусиялык блогерлер Самойлованын номери начар жана даярдыгы жок деп уюштуруу тобуна катуу сындарды жарыялап жатышты.

"Eurovision" быйыл океанга арналгандыктан, катышуучулар кызыл эмес, көк килемден өтүштү. урааны - "All aboard", кыргызча "Кемеге бирге түшөлү" деген маанини берет. Ыр-таймаш деңиз жээгиндеги "Алтис-Арена" комплексинде болду.

Баса, британиялык катышуучу ырдап жаткан учурда белгисиз киши сахнага чуркап чыгып, анын микрофонун тартып алды. Коопсуздук кызматкерлери дароо абалды жайгарып, ырчы чыгармасын улантты.

"Eurovision" - 1956-жылдан бери такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу. Былтыр португалиялык Салвадор Собрал уткан. Эрежеге ылайык, кайсы ырчы утса, кийинки сынак ошонун мекенинде уюштурулат.

Европа телерадиоберүү бирикмесинин түптөөчүлөрү болуп саналган беш мамлекеттин - Британиянын, Франциянын, Испаниянын, Италиянын, Германиянын жана сынакты өткөрүп жаткан өлкөнүн ырчылары түз эле финалга чыгышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG