Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Лиссабондо "Eurovision-2018" сынагы башталды


"Eurovision" сынагына катышып жаткан чехиялык ырчы Миколас Жозеф жана анын командасы.
"Eurovision" сынагына катышып жаткан чехиялык ырчы Миколас Жозеф жана анын командасы.

Португалиянын борбору Лиссабон шаарында 8-майда "Eurovision" ыр сынагынын биринчи жарым финалы болот. Экинчи жарым финал 10-майга, финал 12-майга белгиленген.

Ыр таймаш быйыл океанга арналгандыктан, дүйшөмбү күнкү расмий ачылышта катышуучулар кызыл эмес, көк килемден өтүштү. Сынактын урааны "All aboard", кыргызча "Кеме бортуна бирге" деген маанини берет.

Быйыл 43 мамлекеттин ырчылары баш байге - "Хрусталь микрофон" үчүн таймашат. Сынак деңиз жээгиндеги "Алтис-Арена" комплексинде өтөт.

Биринчи жарым финалдын катышуучулары:

Азербайжан, Исландия, Албания, Бельгия, Чехия, Литва, Израил, Беларус, Эстония, Болгария, Македония, Хорватия, Австрия, Грекия, Финляндия, Армения, Швейцария, Ирландия жана Кипр.

Экинчи жарым финалдын катышуучулары:

Норвегия, Румыния, Сербия, Сан-Марино, Дания, Орусия, Молдова, Нидерланды, Австралия, Грузия, Польша, Мальта, Венгрия, Латвия, Швеция, Монтенегро (Черногория), Словения, жана Украина.

Жарым финалдан өткөндөр финалда ырдашат. Эрежеге ылайык, Европа телерадиоберүү бирикмесинин түптөөчүлөрү болуп саналган беш мамлекеттин - Британиянын, Франциянын, Испаниянын, Италиянын, Германиянын жана сынакты өткөрүп жаткан Португалиянын ырчылары түз эле финалга чыгышат. Ким утса, эмки сынак ошол ырчынын мекенинде болот.

Былтыр португалиялык Салвадор Собрал уткан.

"Eurovision" сынагы 1956-жылдан бери такай уюштурулуп келаткан популярдуу шоу болуп саналат. (SE)

XS
SM
MD
LG