Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Eurovision - 2017: Салвадор Собралдын жеңиши


Салвадор Собрал.
Салвадор Собрал.

Eurovision - 2017 ыр сынагында жүрөк кемтиги менен ооруган португалиялык Салвадор Собралдын джаз ыры ага катышкандардын арасында кыйла алдыга кетип биринчиликти багындырды.

Музыканттар Португалияга жеңиш алып келген ырды сынактын тарыхындагы эң мыкты ырлардын катарына кошту. ​

Eurovision - 2017 ыр сынагы быйыл Киевде өттү. 14-майга оогон түнү дүйнөдөгү ыр ышкыбоздору сынактын финалына назар салышты. Ыр таймаштын жыйынтыгында упайлары боюнча кыйла алдыга озуп чыккан португалиялык ырчы Салвадор Собрал жеңүүчү аталды. Ал аткарган Amar Pelos Dois ("Менин сүйүүм экөөбүзгө тең жетет") деген ыр джаз кайрыктарына салынып, кадимки Европа шаарларында бар-ресторандарда же көчө музыканттары ырдап жүргөндөй назиктиги, чын жүрөктөн берилгендиги менен башка электрондук музыкалардан өзгөчөлөнүп турду.

Менин сүйүүм экөөбүзгө тең жетет
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00
Түз линк

​Салвадор Собрал таралбаган жүдөңкү чачы, жупуну күрмөсү, жаш баланыкындай жалооруган кой көздөрү жана уяң, олдоксон кыймылы менен огобетер европалыктарга жакын, туугандык сезим берип турду.

Туугандык демекчи, Собралдын сынактагы ырынын автору анын эжеси Луиза Собрал. Бала кезинен жүрөк кемтиги менен ооруган Салвадорду Луиза жаштайынан колдоп келет. Салвадордун бул фестивалга катышуусуна да, буга чейинки чыгармачылыгына да көмөк көрсөтүп келген Луиза Собрал инисинин оор абалына байланыштуу алдын ала репетицияларга өзү да катышып, эгер Салвадор сынак мезгилинде ооруп калса, өзү чыгып ырдап берүүнү да уюштуруучулар менен макулдашкан. Португалия сынакта атайын эффектерден баш тартып, жадакалса башкы сахнада эмес, көрүүчүлөрдүн арасындагы чакан сахначада өнөрүн тартуулады.

Ошентип бул жолу да Европа жана Австралия эли шоуну эмес, ырды тандап алды. 27 жаштагы Салвадор:

- Биз азыр бир ирет гана угуп, татууга боло тургандай музыканын учурунда жашап жатканыбызды айткым келет. Ал эми менин чыгармам адамдарга кандайдыр бир маанини билдирет. Музыка фейерверктерди эмес, сезимдерди билдирет. Келгиле, азыркы музыканы өзгөртүп, нукура музыканы алып келели, - деп айтты.

Салвадор Собрал.
Салвадор Собрал.

Букмекердик кеңселерде мыкты делинип жаткан италиялык ырчы Франческо Габбани финалда алтынчы орунду ээледи.

Экинчи орунду алган, Москвада туулуп-өскөн теги болгариялык, апасы казакстандык 17 жаштагы Кристиан Костов башынан эле мыктылардын арасында болуп келе жаткан. Серепчилер жаш ырчыга чет жактагы орусиялыктар жана Орусияны колдогон өлкөлөр өз добуштарын беришкенин божомолдоодо.

Жеңүүчү көрүүчүлөрдүн добушу жана ар бир өлкөдөгү улуттук калыстар тобунун баасы менен тандалды. Сынактын жыйынтыгында биринчиликти Португалия 758 упай менен жеңсе, экинчи орунду 615 упай алган Болгария багындырды, ал эми үчүнчүнү көпчүлүккө күтүүсүз деп баа берилип жаткан Молдова 374 упай менен ээледи.

2017-жылдагы таймашка 42 мамлекет катышып, 26 өлкөнүн ырчылары финалга чыкты.

Быйылкы ыр сынакка Орусия катышкан жок. Буга Орусиядан өкүл катары тандалган майып ырчы Юлия Самойлованы Украина бийлигинин өлкөгө киргизбөө тууралуу чечими себеп болду. Украин бийлигинин айтымында, ага ырчынын 2015-жылы Крым жарым аралына Киевдин уруксатысыз барып, ырдаганы негиз болгон.

Украина бийлигинин бул чечимин бир катар өлкөлөр жана сынактын Женевада жайгашкан баш кеңсеси сынга алган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги окуяны Украина бийлигинин "русофобия режими" деп атаган. Баса албаган ырчы Юлия Самойлованы Орусия кийинки жылдагы сынакка жөнөтөөрүн ачыктаган.

Серепчилердин пикиринде, бул жолку сынак эң саясатташкан деңгээлде өттү. Жүрөгү майып ырчынын жеңиши менен сынактын саясаттан социалдык темаларга өтүүсүнө жол ачылгандай.

Европа телерадиоберүү бирикмеси түптөгөн бул шоу 1956-жылдан бери жыл сайын уюштурулат жана кайсы мамлекеттин өкүлү жеңсе, ыр жарыш кийинки жылы ошол өлкөдө өтөт.

Быйыл биринчи орунду алган Португалия бул сынакка 1964-жылдан бери катышат, бирок бир да жолу жеңген эмес. Ошентип 2018-жылы Eurovision ыр сынагы Португалияда өтөт. А жеңүүчү Салвадор Собрал жакынкы күндөрү жүрөгүнөн оор операция болоору айтылууда. Эгер анын ыр саптарына кулак төшөсөк, жүрөгү оор сыноолорго даяр экенин сезүүгө болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG