Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:51

Eurovision-2019: Нидерланддык ырчы жеңди


Дункан Лоуренс
Дункан Лоуренс

Тель-Авивде өткөн эл аралык Eurovision-2019 ыр таймашында Нидерланддардан катышкан Дункан Лоуренс жеңүүчү болду.

Букмекерлер 25 жаштагы Лоуренстин утушун алдын ала божомолдошкон эле. Ал "Arcade" аттуу сүйүү жана жоготуу жөнүндө ырды аткарды.

Экинчи орунду Италия алса, үчүнчү орун Орусияга тийди.

Eurovision тарыхында Нидерланддар буга чейин төрт ирет – 1958, 1970, 1976, 1980-жылдары уткан.

Жеңүүчүлөр түз эфирде көрүүчүлөрдүн онлайн-добушу жана калыстардын баасы менен тандалды.

Лоуренс элдик добуш берүү менен алдыга озуп чыкты. Ал эми калыстар швециялык Жон Лундвикти жана Түндүк Македониядан катышкан Тамара Тодевсканы колдошту. Акыркы жыйынтыкта Жон алтынчы, Тамара сегизинчи орунга түшүп калды.

Дүйнөдө популярдуу шоу катары сыпатталган «Eurovision-2019» Израилде 12-майда расмий башталып, 41 мамлекеттен ырчылар күч сынашты.

14-16-майда биринчи жана экинчи жарым финал, 18-майда финал болду. Баш байге - хрусталь микрофон үчүн финалда 26 мамлекеттин ырчылары ат салышты.

Алдыңкы ондук төмөнкүчө:

Нидерланддар, Италия, Орусия, Швейцария, Норвегия, Швеция, Азербайжан, Түндүк Македония, Австралия жана Исландия.

Быйылкы сынак «Тартынбай кыялдан» деген ураан менен “Expo Tel Aviv” борборунда өттү. Букмекерлер Нидерланддардан тышкары, Швеция, Орусия, Италия, Азербайжан, Франциянын ырчыларына да артыкчылык берип жатышты.

Сынакта Словениядан келген дуэттин чыгышы эң баёо номер катары сыпатталса, Чехия менен Испаниянын ырчылары сахнада шайыр-шатман маанай тартуулашты.

Исландиянын өзгөчө көрүнүштөгү жигит-кыздардан турган “Хатари” тобу да эсте калды. Бул топтун ыры алдыңкы ондукка кирди. Бирок упайлар саналган учурда алар добуштарга нааразы болгондой түр көрсөтүп, Палестинанын желегин көтөрүштү.

Шоуга конок катары келген ырчы Мадоннанын бийчилери да кийимдерине Израил менен Палестинанын желектерин жармаштырып алышты. Байкоочулар муну ырчы айымдын эки элди ынтымакка чакыруу аракети катары баалашууда.

Ыр-таймашка байланыштуу Тель-Авивде коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Калааны бир апта бою 20 миң полиция кызматкери кайтарды. Сынактын бардык иш-чараларына курал менен кирүүгө тыюу салынды.

Eurovision сынагы 1956-жылдан бери уюштурулуп келаткан популярдуу шоу. Былтыр Португалияда өткөн сынакта израилдик Нетта уткан. Эрежеге ылайык, кайсы ырчы жеңсе, кийинки сынак анын мекенинде уюштурулат. Израилдин өкмөт башчысы Беньямин Нетаньяху сынак талаштуу Иуресалим шаарында өтөрүн билдирген. Бирок бир канча талкуулардан соң Тель-Авивде болду.

Европа телерадиоберүү бирикмесинин түптөөчүлөрү болуп саналган беш мамлекеттин - Британиянын, Франциянын, Испаниянын, Италиянын, Германиянын жана сынакты өткөрүп жаткан өлкөнүн ырчылары түз эле финалга чыгат.

Eurovision тарыхында эң көп жеңишке жеткен өлкө – Ирландия. Бул мамлекеттин ырчылары жети ирет баш байгени илип кетишкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG