Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:13

“Евровидение”: авcтриялык трансвестит жеңүүчү болду


Даниянын борбору Копенгагенде өткөн түнү жыйынтыкталган “Евровидение” ыр сынагында австриялык сакалчан трансвестит Кончита Вурст жеңүүчү аталды. 59-жолу өткөн ыр сынактын финалында Вурст Rise Like a Phoenix аттуу ыры менен эң көп добуштун ээси болду. Бул сынакты дүйнөнүн 45 өлкөсүнөн 180 миллиондой көрүүчү теле аркылуу көрүштү. Сынактын жыйынтыгы белгилүү болгон соң Кончита Вурст журналисттер менен баарлашып жатып, дүйнөдөгү кумса, адаттан тыш сексуалдык багыттагы адамдарды өз укуктарын активдүү коргоого чакырды.

Сынакта экинчи орунда нидерландиялык The Common Linnets тобу, үчүнчүнү швециялык ырчы Санна Нильсен алды. Буга чейин дүйнөдөгү саясий кырдаалдан улам өзгөчө көңүл бурулуп жаткан орусиялык эже-сиңди Толмачевалар жана украиналык ырчы Мария Яремчук байгелүү орунга илинген жок. Бирок конкурс жүрүшүндө орусиялык ырчылар сахнага чыккан учурда залдагы көрөрмандар ышкырып, нааразылыгын билдирип жатты.

Адатта өз коңшулары үчүн добуш берип келген постсоветтик өлкөлөрдөн украиналыктар эң жогорку 12 упайды австриялык Кончита Вурстка берди. Бул упай австриялык ырчынын жеңиши үчүн чечүүчү болду.

XS
SM
MD
LG