Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Төө-Ашууда бир нече чакырымга созулган автотыгын пайда болду


Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуудагы автотыгын.
Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуудагы автотыгын.

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда 14-мартта бир нече чакырымга созулган автотыгын пайда болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» кызматкери жана тыгында турган айдоочулар кабарлашты. Жолдун тайгактыгынан жүздөгөн жеңил жана оор автоунаалар токтоп турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы абалды жөнгө салыш үчүн №9 жол тейлөө ишканасы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери менен чогуу иштеп жатканын кабарлады.

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуудагы автотыгын.
Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу ашуудагы автотыгын.

Жол тыгыны жоюлганга чейин Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» бекетинде автоунаанын бардык түрүнө саат 20:00дөн тартып чектөө киргизилди.

Бишкек-Торугарт жолундагы Боом капчыгайында да автоунаалардын тыгыны жаралды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-марттан баштап көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаай турганын эскертип, жолдор тоңголок, тайгак болорун билдирген. (ZB/BTo)

XS
SM
MD
LG