Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:23

Баткен облус бийлиги Сох анклавы боюнча түшүндүрмө таратты


Өзбекстандын Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавы. Архив.
Өзбекстандын Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавы. Архив.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына жол ачат деген маалыматтар туура эмес деген билдирүү таратты.

Облустагы өкүлдүн бамса сөз кызматы тараткан маалыматта: “11-12-март күнү Кыргызстан менен Өзбекстандын өлкө башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет деген туура эмес маалыматтар тараган”, - деп айтылат.

Облустук бийликтин кабарлашынча, эки өлкө башчыларынын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында пандемияга байланыштуу жабылган Баткен облусунун Кадамжай районундагы "Кайтпас" көзөмөл өткөрмө бекетин ачуу макулдашылган. Ал жайдан өзбек жарандары кадимки чек ара эрежеси менен өткөрүлөт.

“Өзбек жарандары Кыргызстанга "Кайтпас" көзөмөл өткөрмө бекекти аркылуу кирип, Сох районуна чейин Кыргызстандын аймагы аркылуу жүрүп "Өтүкчү" көзөмөл өткөрмө бекетинен текшерүү менен Өзбекстандын Сох районуна киришет”, - деп жазылган облус бийлигинин маалыматында.

Облус бийлиги Сох анклавында аба каттамдарын ачууда аталган районду Өзбекстан менен байланыштырган чакан учактар учат деп түшүндүрдү.

Облус бийлиги жарандарды негизсиз тынчызданып, туура эмес коомдук пикир жаратпоого чакырды.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, 2020-жылдын март айынан бери Сох районуна өзбек жарандары Кадамжай автожол көзөмөл өткөрмө бекети аркылуу гана өтүп жатышат. "Кайтпас" өткөрүү бекетин ачуу менен Кадамжай автожол өткөрмө бекетинен жарандардын өтүүсү жеңилдеп, Кадамжай шаарынан Чечме айылына чейинки жолдо машиненин тыгындары азаят.

Жакынкы күндөрү кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолугушуп, эки облустагы чек аралаш аймакта жашаган элдин суранычы менен Лейлек районундагы "Кулунду" жана "Кайрагач" көзөмөл өткөрүү жайларын ачуу маселесин карашат. Бул өткөрмө бекеттер пандемиядан улам жабылган.

13-мартта президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы жөнүндө орусча маалымат берип, кыргыз бийлиги Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр экенин, анын жашоочулары чек ара аркылуу ары-бери эркин каттай ала турганын билдирген. Басма сөз катчы Өзбекстан Кыргызстанга буга чейин талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр экенин белгилеген.

Социалдык тармактарда Кыргызстандын бул чечими кызуу талкууга жем таштаган.

Бир нече сааттан кийин Үңкүр-Тоо аймагы жана Сох анклавы боюнча тараткан маалымат президенттин сайтынан өчүрүлүп, кайра өзгөртүлгөн тексти жарыяланган. Анда кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын гана ачууга даяр экени айтылат. Буга чейин орус тилинде таратылган маалыматта транспорт жолу дагы ачылары айтылган.

“Өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана тирешүүнү жаратып келген Үңкүр-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендигин билдирди”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада тактала элек тилкелердин арасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо да бар. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы жайгашкан. 2016-жылы чыр чыгып, Өзбекстан бул талаштуу аймак өзүнө караштуу экенин билдирген.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин жакын арада, эң кеч дегенде үч айда чечмей болуп жатат. Бул тууралуу 12-мартта Ташкентте президент Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG