Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Президенттин басма сөз катчысы Сох анклавы жана Үңкүр-Тоо аймагы боюнча кайра маалымат таратты


Үңкүр-Тоо. Архив.
Үңкүр-Тоо. Архив.

Үңкүр-Тоо аймагы жана Сох анклавы боюнча буга чейинки тараткан маалымат президенттин сайтынан өчүрүлүп, кайра өзгөртүлгөн тексти жарыяланды.

Анда кыргыз тарап Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын ачууга даяр экени айтылат. Буга чейин орус тилинде таратылган маалыматта транспорт жолу дагы ачылары айтылган.

“Өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана тирешүүнү жаратып келген Үңкүр-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендигин билдирди”, - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы жөнүндө орусча маалымат берип, Кыргыз бийлиги Кыргызстандын аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр экенин, анын жашоочулары чек ара аркылуу ары-бери эркин каттай ала турганын билдирген.

Басма сөз катчы Өзбекстан Кыргызстанга буга чейин талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр экенин белгиленген.

Учурда социалдык тармактарда Кыргызстандын бул чечими кызуу талкууга жем таштады.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада тактала элек тилкелердин арасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо да бар. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы жайгашкан. 2016-жылы чыр чыгып, Өзбекстан бул талаштуу аймак өзүнө караштуу экенин билдирген.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин жакын арада, эң кеч дегенде үч айда чечмей болуп жатат.

Бул тууралуу 12-мартта Ташкентте президент Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев билдирген. (TSh)

XS
SM
MD
LG