Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:39

Акимдердин аттестациясы: Нарында үч жетекчи өтпөй калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын облусундагы акимдерди жана алардын орун басарларын кайра баалоо аяктап, жыйынтыгында Жумгалдын акими Залкарбек Бозбалаев, Ат-Башы акиминин орун басары Динара Жунусова жана Нарындын акиминин орун басары Ишенбек Муканбетовго “ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт” деген чечим чыкты.

Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү кабарлады. Комиссиянын чечими премьер-министр Улукбек Мариповдун кароосуна жиберилет.

Район жетекчилерин кайра баалоо 11-мартта Нарын облусунан башталды. Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев жетекчилик кылган комиссия акимдер жана анын орун басарлары жөнүндө өкмөттүн ошол облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн, милициядан, атайын кызматтан жана жарандык коомдон алынган маалыматтар менен таанышып, маектешүү өткөрөт. Ага чейин акимдер район жетекчилерине тиешелүү мыйзамдар камтылган тест тапшырат.

Комиссия сынактан кийин аким жана орун басарлары жөнүндө үч чечим чыгарууга укугу бар. Биринчи чечим “өз кызматына ылайык келет жана жогорулоого мүмкүнчүлүгү бар” деп кадрлар резервине киргизилет. Экинчиси - өз кызматында калат. Үчүнчүсү - “ээлеген кызматына ылайык эмес” деген чечим менен жумуштан бошотулат.

29-январда Жапаров “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлык чыгарган. Өкмөт башчы Улукбек Марипов бул жарлыкты мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлдеги кадрларды тандоо жана иштетүүнүн системасын жакшыртуу максатында деп түшүндүргөн. Өлкөдө жети облуста кырк район акими бар.

2016-жылы өзгөргөн Баш мыйзамга ылайык, акимдерди тандоо, дайындоо, кызматтан алуу өкмөт башчыга берилген. (TSh)

XS
SM
MD
LG