Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:18

АКШнын БУУдагы элчиси КЭРди "геноцид жүргүзүп жатат" деп айыптады


Кытайдагы уйгурларга карата катаал мамилеге каршы чыккан иш-чарадагы бала. Вашингтон. 2021-жылдын 19-февралы.
Кытайдагы уйгурларга карата катаал мамилеге каршы чыккан иш-чарадагы бала. Вашингтон. 2021-жылдын 19-февралы.

АКШ Кытай Эл Республикасынын (КЭР) бийлигин уйгурларга карата катаал мамилесин айыптап, аны "геноцид" жана "адамзатка каршы кылмыш" деп атады.

Бул тууралуу АКШнын элчиси Марк Кассайр Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинде сүйлөп жатып билдиргенин Reuters агенттиги жазды.

Бул айыптоого британ элчиси Жулиан Брейтуэйт кошулду. Ал КЭР бийлигинин мажбурлап иштетүү жана балдардын төрөлүшүнө көзөмөл ыкмасы жөнүндөгү маалыматтарга таянып сүйлөдү.

Америка жана британ элчилери Бээжинди Гонгонгдо “терроризм жана сырткы күчтөр менен көмүскө сүйлөшүүгө барган” деген шек менен камалган активисттерди бошотууга чакырды.

Кытайдын БУУдагы элчиси Чэнь Сюй айыптоолорго дароо жооп берип, Бээжин адам укуктары темасын саясатташтырууга каршы экенин билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымдашынча, Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном району (ШУАР) аймагындагы жалпысынан 2 миллионго жакын уйгур, казак, кыргыз жана башка жергиликтүү калайыктын - негизинен мусулманчылыкты карманган этностук топтордун өкүлдөрү убактылуу кармоо жайларында кармалып жатат.

Кытай бийлиги болсо бул лагерлердин абак жайы экендигин четке кагып, алар жөн гана террорго каршы кайра тарбиялоо жана адистикке үйрөтүү борборлору болуп саналат деп билдирип келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG