Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:11

Казакстан Кытайдан ШУАРдан келген казактар көтөргөн "көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүнү" өтүндү


Акытхан Калида аттуу айым КЭРдин ШУАРында үч уулу жүйөөсүз эле абакта жаткандыгына нааразылык билдирип, Кытайдын Алматыдагы консулдугунун маңдайына пикетке чыкты. 20211-жылдын 11-марты.
Акытхан Калида аттуу айым КЭРдин ШУАРында үч уулу жүйөөсүз эле абакта жаткандыгына нааразылык билдирип, Кытайдын Алматыдагы консулдугунун маңдайына пикетке чыкты. 20211-жылдын 11-марты.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң Уйгур автоном району (ШУАР) аймагындагы туугандарынын камактан бошотулушун талап кылып жаткан Кытайдагы теги казак тургундар көтөргөн " көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүнү" расмий Бээжинден суранганын билдирди.

Казакстан ТИМинин өкүлү Мухтар Карибайдын 12-мартта Нур-Султанда журналисттерге билдиришинче, "Кытайдан жардам суроо" чечими Казакстандын ири шаары Алматыдагы Кытай консулдугунун маңдайына пикетке чыккан КЭРдин ондогон казак тектүү жарандары бир айдан бери "коронавирустун жайылышынын алдын алуу үчүн санитардык эрежелерди сактабай келишкендиги" белгилүү болгондон кийин кабыл алынды.


10-мартта АКШ элчилигинин кызматкерлери ШУАРдан качып, учурда Казакстанда жүргөн казак тегиндеги чыгыш теңир-тоолуктар менен жолугушуп, алардын Кытайдагы башынан өткөргөн кыйынчылыктары жөнүндө баарлашкан.

Тасма. Казак тектүү ШУАР тургундарынын Алматыдагы пикети.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин маалымдашынча, ШУАРда жалпысынан 2 миллионго жакын уйгур, казак, кыргыз жана башка жергиликтүү калайыктын, – негизинен мусулмандар болгон этностук топтордун, – өкүлдөрү убактылуу кармоо жайларында кармалып жатышат.

Кытай бийлиги болсо бул лагерлердин абак жай экендигин четке кагып, алар жөн гана террорго каршы кайра тарбиялоо жана адистикке үйрөтүү борборлору болуп саналат деп ишендирүүгө далаалат кылууда.


Шанхай Кызматташтык Уюмуна Казакстан сыяктуу эле мүчө болгон Кыргызстандын бийлиги Казакстандын ТИМи сыяктуу ШУАРдагы абалга карата кыйыр тынчсызданган турумун азырынча билдире элек. (TT)

XS
SM
MD
LG