Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:31

Байтерек: Кыргызстан Сох анклавына жол ачат, Өзбекстан Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр


Үңкүр-Тоо. Архив.
Үңкүр-Тоо. Архив.

Кыргыз бийлиги Кыргызстан аймагында жайгашкан Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр.

Сохтун жашоочулары чек ара аркылуу ары-бери эркин каттай алат. Ал эми Өзбекстан Кыргызстанга буга чейин талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр.

Бул тууралуу кыргыз президенттинин басма сөз катчысы Галина Байтерек маалымдады.

Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасында жети өткөрмө бекети иштеп, өзбек тарап аны керектүү жабдуулар менен камсыздоону убада кылды.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек арада тактала элек тилкелердин арасында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоо да бар. Ал жерде Кыргызстанга тиешелүү РРС-24 «Кербен» радиорелейлик станциясы жайгашкан. 2016-жылы чыр чыгып, Өзбекстан бул талаштуу аймакты өзүнүкү деп чыккан.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин жакын арада, эң кеч дегенде үч айда чечмей болуп жатышат. Бул тууралуу 12-мартта Ташкентте президент Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев билдирген.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 10% жакыны такталды.

Чек ара тактала элек тилкелерде жергиликитүү тургундардын суу жана жер талаш маселелери чыгып, курал колдонулган учурлар да катталып келет.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2016-жылдан кийин, Мирзиёев бийликке келгенде жакшыра баштаган. Ага чейин чек ара бекеттеринин көпчүлүгү жабылып, кызматташтык дээрлик токтогон.

Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барып келди. Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 22 документке кол коюлду. (TSh)

XS
SM
MD
LG