Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

ТИМ: Ирактагы жарандарды алып келүү боюнча жумушчу топтун иши аяктап калды


Сирия. (Иллюстрациялык сүрөт).
Сирия. (Иллюстрациялык сүрөт).

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Ирак мамлекетинен кыргыз жарандарын алып келүү боюнча түшүндүрмө таратты.

Андагы маалыматка таянсак, 2021-жылдын февралынын аягында гуманитардык миссия менен Иракка Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү кирген жумушчу топ жөнөтүлгөн.

Жумушчу топ бул мамлекеттеги балдарды мекенине кайтаруу үчүн укуктук шарт, тиешелүү документтерди даярдап жатат. Учурда Ирактагы кыргыз өкмөтүнүн жумушчу тобу өз ишин аяктап калды.

ТИМдин түшүндүрмөсүндө, Ирак менен узак мөөнөттүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында балдарды, пенитенциардык жазаны өтөп жаткан жана атайын мекемелеринде кармалган кыргыз жарандарын репатриациялоо маселеси боюнча иштер жүрүп жатканын белгилейт. Тышкы саясат мекемеси Ирактан кыргыз жарандарын кайтаруу иши качан башталарын кабарлаган жок.

10-мартта парламенттин жалпы жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов жакында Кыргызстан Сирияга кетип, мекенине кайта албай жаткан жарандарынын алгачкы тобун учак менен алып келерин билдирген.

Кыргызстандан кетип, Сирия менен Ирактын куралдуу кармаш жүргөн аймактарындагы кыз-келиндердин көпчүлүгү күйөөсүн ээрчип баргандар экенин 16-февралда диний радикализмдин алдын алуу боюнча иштеген «Азия Групп» фонду билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, он жылга жакын согуштук аракеттер жүргөн Сирияга Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон.

«Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG