Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:28

Баткенде аскердик машыгууга даярдык жүрүүдө


Куралдуу күчтөрдүн машыгуусуна башка аймактардан тартылган аскердик техникалар Баткендеги машыгуу талаасына жайгашып жатат. 12-март, 2021-жыл.
Куралдуу күчтөрдүн машыгуусуна башка аймактардан тартылган аскердик техникалар Баткендеги машыгуу талаасына жайгашып жатат. 12-март, 2021-жыл.

30-марттан 1-апрелге чейин өтүүчү Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн “Коопсуздук-2021” жана “Калыптоо-2021” биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусуна даярдык башталды.

Бул тууралуу Башкы штабдын маалыматтык камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Машыгууга Куралдуу күчтөрдүн башкаруу органдары, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Баткен облусунун райондорунун мамлекеттик администрациялары, Баткен шаарынын мэриясы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык кошуундары, Ички иштер министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети жана Саламаттык сактоо министрлиги катышат.

Машыгууга 2 миңге жакын адамдар тартылып, жүзгө жакын автомобиль, брондолгон жана атайын техникалар, жыйырмадай артиллериялык системалар, он авиациялык техника тартылат.

Учурда Куралдуу күчтөрдүн машыгуусуна башка аймактардан тартылган аскердик техникалар Баткендеги машыгуу талаасына жайгашып жатат. Жыл сайын өтүүчү аскердик машыгуу былтыр пандемияга байланыштуу өтпөй калган. (JsA)

XS
SM
MD
LG