Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 15:38

Пандемияга бир жыл: Сабактар жана жыйынтыктар


Бишкектеги лабораториялардын бири

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 вирусунан улам келип чыккан эпидемиологиялык абалды пандемия деп 2020-жылдын март айында жарыялаган. Андан бери бир жыл өттү. Кыргызстанда пандемиядан улам саламаттык сактоо тармагында эмне өзгөрдү?

"Азаттыктын" "Арай көз чарай" рубрикасында бул ирет ушул маселе талкууланды. Суроолорго Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министринин орун басары Мадемин Каратаев, мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова, саламаттык сактоо боюнча эксперт Айбар Султангазиев жана вирустан 20 жаштагы уулун жоготкон, Кыргызстандагы Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Жумабек Самсалиев жооп беришти.

- Жумабек мырза, уулуңуздун арты кайырлуу болсун. Уулуңуз 2020-жылдын сентябрында каза болгон экен. Аны сактап калуу эмнеге мүмкүн болбой калды?

Жумабек Самсалиев: Башында дене табы көтөрүлүп, бейтапканага барып, рентгенге тарттырсак пневмония деп чыкты. Тааныш дарыгерлерге көрсөтсөк ооруканага жаткырып, дарыланса тез сакаят деп кеңеш айтышты. Алгач ооруканага барганда нөөмөт бөлүмүнө уулум кадимкидей эле жакшы абалда барган. Дене табы 36 градус, кан басымы 120/80, сатурациясы 97 болгон. 50-60 метр басканда кичине энтигип жаткан. Ооруканага жаткандагы абалы жакшы болчу. Ошондон тарта үч күн бою дарылоочу догдурду балам аркылуу чакырып, жолуга албай койдум. Анан төртүнчү күнү дарылаган догдур мага чалып "балаңыз катуу болуп жатат, бөйрөгүндө бар" деди. Мен таң калдым "мындан төрт жыл мурда бөйрөгү кичине ооруп айыккан эле" десем телефонду коюп койду. Кайра бир нече сааттан кийин эле чалып "балаңыз катуу болуп жатат, келиңиз" деп калды. Мен барсам нөөмөт алмашып, дарыгерлер да алмашыптыр. Уулум палатада аппаратта көмкөрөсүнөн жалгыз жатыптыр, дем ала албай жаткан экен. Эмне кыларымды билбей, медайым чакырсам ал карайт да кайра кетип калат. Дарыгерлер бөлмөсүнө барсам нөөмөттөгү догдур отуруптур. Мен ага "тигил жакта адам кыйналып жатса эмне отурасыңар" десем экинчи аппаратты алып келди.

Бир саат сайын келип кан басымын эле текшерип коёт, бир да ийне сайып же таблетка дары беришкен жок. Эртеси келип балага гемодиализ жасалбаса болбойт дешти. Бир дарыгер мындай процедура 10 миң сом турарын айтып калды. Тааныштардан сураштырсак, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда бекер жасалат экен. Ошол жакка сүйлөшүп "Тез жардам" менен кычкылтек жаздыгына туташтырып алып барсак, дарыгердин жолдомосу жок ала албайбыз дешип, Жугуштуу оорулардын клиникасына жиберди.

Ал жактын башкы дарыгери Гүлжигит Алиевге чалып барсак да, реанимациянын нөөмөттөгү дарыгери абалы оорлоп кеткен баламды кабыл албай көпкө кармашты. Анан Алиевге чалып жатып, араң киргиздик. Уулум төрт күндө эле кетип калды. Баары таң калды. Дарылаган догдурлардан эмне менен кантип дарылаганын сурасам бирөө да документ бере алган жок. Сайылган дарылардын баарын текшерсем төрт күндүн ичинде эки күндүн эле гепарини сайылган экен. Бир дарыны дагы өздөрү берген жок, баарын өзүбүз алып бардык.

-Мадамин мырза, мына 20 жаштагы бозулан коронавирус күчөгөн, ооруканалар жетишпей жаткан июнь, июлда эмес, сентябрда каза болуп жатат. Акыркы расмий маалыматтар боюнча 1476 киши ушул оорунун курмандыгы болду. Азыркы тапта абал кандай?

Мадамин Каратаев: Мен алгач аксакалга көңүл айтам. Бул окуя боюнча көп нерсени териштиребиз. Негизи бул вирус эгерде адамда өнөкөт оору болсо аны күчөтөт экен да. Өзүңөр билгендей, эң негизги оор абал бизде 2020-жылдын июль айында болду. Кийинки экинчи толкун ноябрдан декабрдын жарымына чейин катталды.

Декабрдын ортосунан тарта азыркыга чейин өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу десек болот. Негизи көбүнчө өнөкөт оорусу барлар, маселен биз иликтеп келсек, каза болгондордун 52% жүрөк, кан тамыр оорулары, 27% кант диабетинен жабыркаса, 14% онкологиялык оорусу бар болуп чыкты. Вирустан каза болгон ар бир учурду териштирип карашыбыз керек. Дүйнөдө абал азыр да өтө кооптуу болуп жатат. Коронавирус жаңы оору, анын штаммдары да көп.


Аида айым, 2020-жылдын июнь, июль айларынды вирус абдан күчөгөн маалда Республикалык штабды жетектегендердин бири элеңиз. Ошол кезде иштеген жетекчиликке карата бир топ сындар айтылган. Алар канчалык жүйөөлүү?

Аида Исмаилова: Өкмөт өзү жалгыз иштебейт, анын курамы өтө чоң. Коронавирус башталганда бизде атайын Республикалык штаб түзүлгөн. Анын негизинде координациялык иштер жүргүзүлгөн. Азыр эми маселен "сентябрда дары-дармек болгон эмес" деп айтылып жатат. Мен өзүм өкмөткө апрель айында келдим, ага чейин депутат элем, муну баары билет. Вице-премьер-министрлик кызматка эң татаал, оор убакытта келип калдым. Ага чейин бир нече күн мурда эле Жогорку Кеңеште жыйын болуп, ошондогу саламаттык сактоо министринен "коронавируска карата жеке коргонуучу каражаттар барбы?" деп сураган элем.

Ал ар бир ооруканада бир нечеден жеке коргонуучу каражат бар деп жооп берген эле. Пандемия менен эпидемиянын айырмасы чоң, себеби пандемия дегенде жалпы мамлекеттин бардык бутагында күрөшүү болду, ал убакта коронавирус пандемиясынын кандай экенин билгендер аз болду.

Өкмөттүн түзүмүндөгү Саламаттык сактоо министрлиги бул маселени билиши керек болчу. Сатып алуучу процесс өтө татаал болуп, эпидемия менен күрөшүүгө керектүү каражаттарды, аппараттарды, ал тургай ПЧР анализине керектүү реагенттерди алуу мүмкүн эмес болду. Бизде саламаттык сактоо системасы 30 жылдын ичинде таптакыр эле урап калганын көрдүк. Сырттан керектүү каражаттарды алып келели десек авиакаттамдар, кара жол аркылуу жүк алып келүү мүмкүн эмес болду да.


- Айбар мырза, дарыгерлер пандемияны өтө оор учур катары баалап, "согушка куралсыз чыктык" деп айтып келишет. Пандемия башталганына бир жыл болду, Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасында эмне өзгөрүү бар? Бир жылда бир нече министр, вице-премьер-министрлер алмашып кетпедиби?

Айбар Султангазиев: Биздин мамлекетте, өкмөттүк мекемелерде, башкаруу системасында өтө көп кемчиликтер бар. Пандемияны согуш убагындай карап, ошондой жетектөө керек да. Бийлик дарыгерлердин баарын согушка куралсыз жиберди.

2020-жылдын апрелине чейин Саламаттык сактоо министрлигине болгону 30 млн. сом акча бөлүнгөн. Маселен, Бишкектеги Жугуштуу оорулардын клиникасына болгону 9 млн. сомго эле коргонуучу каражаттар жана дары-дармектер үчүн берилген. Биз мунун баарын ачык булактардан, мамлекеттик сатып алуу боюнча порталдан карап, изилдеп жаттык да. Элдин өмүрүн сактайбыз деп дарыгерлердин көбү да каза болду. Дарыгер негизи иш жүзүндө гана билим алат деген сөздөй эле болуп калды. Маселен, Таиланд, Вьетнам, Түштүк Кореяны айтсак, ал жакта эл бизге караганда өтө жыш жайгашкан. Бирок оору жуктургандар да, андан өлгөндөр да аз болду.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тууралуу мен ачык эле бардык жакта айтып жүрөм, пандемия учурунда бир топ ката кетирди. Апта сайын сунуштамаларды өзгөртүп, беткапты бир кийиш керек десе, кийин кайра чечиш керек деп жатты. Эмнеге биз эпидемияда туура жол менен бара жаткан мамлекеттерди караган жокпуз? Вьетнамда ооруну кайсы дары менен дарылап жатат? Биз аны билбейбиз. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун оозун карап эле отурабыз. Ал уюм чечим чыгаргыча убакыттан уттуруп жаттык.

(Талкууну толугу менен видеодон көрүңүздөр)

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG