Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Феликс Кулов "7-каналды" жана Топчубек Тургуналиевди сотко берди


Феликс Кулов.
Феликс Кулов.

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевди жана «7-канал» телекомпаниясын сотко берди. Саясатчы 12-мартта «Азаттык» радиосуна билдиргендей, сотко арыз эки ай мурда берилген, ишти Бишкектин Биринчи Май райондук соту карап жатат.

Куловдун айтымында, «7-канал» анын Чехияда отели бар экени тууралуу маалымат таратып, 17 аскердик учактын сатылып кетишине айыптаган коомдук ишмер Топчубек Тургуналиевге эфирден сөз берген.

Саясатчынын белгилешинче, эгер Чехияда мүлкү табылса аны каалаган кишиге өткөрүп берүүгө даяр, ал эми аскердик багыттагы анча учак Кыргызстанда эч качан болгон эмес:

«Айтылган сөздөрдү өзүбүзчө жеке лингвистикалык экспертизага бердик. Сот мамлекеттик экспертизага берүү керектигин айтты. Эки отурум болду, бирок Тургуналиев да, «7-каналдын» журналисттери да ага келе элек. Биринчиден, менден кечирим сурасын, экинчиден, төгүндөсүн деген эки талап койдум. Ошол жетет мага».

Кулов адегенде Тургуналиевге 10 миң долларлык доо коймой болгонун, бирок «аксакалдын жашоосун татаалдаштырбоону» чечкенин айтууда.

“Азаттык” бул боюнча “7-каналдын” башкы директору Алтынбек Жумаевге кайрылганда ал сот тууралуу биринчи жолу угуп жатканын билдирди:

“Кабарым жок экен. Бизди эч ким сотко чакырган жок. Маалымат жок бизде”.

Сот тууралуу кабары жок экенин Топчубек Тургуналиев да айтууда. Ал сотко чакыруу албаганын, болбосо өзү же өкүлү бармагын айтып, төмөнкүлөрдү билдирди:

“Куловдун жана Акаевдин ошол жосундарын өз учурунда биринчи Тургуналиев айткан эмес, жалпыга маалымдоо каражаттарынын бүт баарына жазылган. Биринчи мен айткан эмесмин. Ооба, “7-каналдан” кайталадым, айтканымды танбайм. Эмне үчүн ал өз учурунда ондогон гезит, радио жана телеканалдар жабырап айтканда ошолорду сотко берген эмес?”.

72 жаштагы Феликс Кулов ички иштер органдарында кызмат кылып, 1992-жылы Кыргызстандын вице-президенти болгон. Кийин Чүйдүн губернатору, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси, Бишкектин мэри болуп иштеген. 2002-жылы ал мамлекеттик каражатты максатсыз пайдалануу тууралуу айып боюнча соттолуп, абактан 2005-жылдагы бийлик алмашуу учурунда чыккан жана кийин толук акталган. Бириккен Улуттар Уюму аны саясий туткун деп тааныган. (RK)

XS
SM
MD
LG