Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Украина кытайлык инвесторго берилген «Мотор Сич» компаниясын улутташтырууну көздөөдө


"Мотор сич" компаниясынын имараты.
"Мотор сич" компаниясынын имараты.

Украина аэрокосмостук кыймылдаткычтарды чыгарган «Мотор Сич» компаниясын улутташтырууну көздөөдө. Бул компаниянын акциясынын көпчүлүк бөлүгүн кытайлык компания сатып алган.

Расмий Киев мындай чечимди компания мамлекеттин коргоо тармагы үчүн стратегиялык мааниге ээ экендигин эске алып кабыл алганын билдирди. Украинанын коопсуздук жана коргоо кеңешинин башчысы Алексей Данилов «Мотор Сич» мыйзамдуу жол менен мамлекетке кайтарыларын билдирди. Ал инвесторлорго кенемте төлөп берилээрин кошумчалады.

Реактивдүү кыймылдаткычтарды чыгарган компаниянын мамлекетке кайтарылышы Кытайдын нааразылыгын жаратышы мүмкүн. Бирок бул кадамды АКШ колдоого алары күтүлүүдө. Соңку жылдары Вашингтон «Мотор Сич» компаниясына Кытайдын инвестиция салышына каршы болуп келген.

Быйыл январь айында АКШ «Мотор Сичке» толугу менен ээлик кылууну көздөгөн кытайлык Skyrizon Aviation компаниясын “кара тизмеге” киргизген. Мындан бир нече апта өтпөй Украинанын президенти Владимир Зеленский Skyrizon Aviation баштаган 4 компанияга санкция салуу боюнча жарлыкка кол койгон эле.

XS
SM
MD
LG