Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Байден АКШ экономикасына 1,9 трлн. долларлык жардам боюнча мыйзамга кол койду


Жо Байден
Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден 1,9 триллион доллар жардам каралган пакетке кол койду.

Президенттин айтымында, бул каражат коронавирус кризисинен жапа чеккен катардагы америкалыктарга көмөк болмокчу. Бөлүнгөн каражат эмдөө, чакан бизнести колдоо, жумушсуздарга, балдарга жөлөк пул төлөөгө сарпталмакчы.

Америкалык маалымат каражаттары санап чыгышкандай, жардамды үй-бүлөлүүлөрдүн 90 пайызы алат.

Бул жарлыкка кол койгон соң Жо Байден кызматка киришкенден кийин биринчи жолу элге кайрылуу жасады. 11-мартта улуттук каналдардан көрсөтүлгөн кайрылуусунда президент 530 миңдей америкалыктын өмүрүн алып кеткен пандемия менен күрөштүн мындан аркы кадамдары менен тааныштырды. Байден 4-июлга чейин өлкө нормалдуу турмушка кайтат деп үмүттөнөрүн, эмдөө программасы тездетилерин билдирди.

Ал ошондой эле 1-майга карата ар бир америкалык коронавируска каршы эмделе турганын айтты.

Былтыр шайлоо кампаниясы учурунда Байден пандемияны ооздуктоо үчүн кызматтагы 100 күнүндө 100 миллион киши эмделе турганын айтып, убада берген. Президенттин ант бергенине 50 күн болгондо чыккан маалыматтарга караганда, 64 миллиондон ашуун киши же калктын 19,3 проценти вакцинанын жок дегенде бир дозасын алган. 33,8 миллион америкалык же калктын 10,2 проценти толук эмделди.

XS
SM
MD
LG