Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:20

Кыргызстанда азык-түлүк баасын турукташтыруу үчүн бюджеттен акча бөлүндү


Улукбек Марипов.
Улукбек Марипов.

Кыргызстанда азык-түлүк баасын арзандатуу үчүн бюджеттен акча бөлүндү. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов 12-мартта КТРКга берген маегинде билдирди.

Ал бааны турукташтыруу үчүн каралган акчанын суммасын айткан жок. Азык-түлүктүн кымбатташын Кыргызстандын ички базарынын импортко көз карандылыгы катары түшүндүрдү:

"Бир аз болсо да жардам болсун деп бүт республикада жармаңкелерди уюштуруп атабыз. Ишемби-жекшемби күндөрү. Мен өзүм да кыдырып, бааларды текшерип көрдүм. Ачык айтканда, жармаңкелерде деле баанын өтө төмөндөшү байкалбайт. Негизги керектеп жаткан азык-түлүк импорт болуп атат. Мына өсүмдүк майы. Өсүмдүк майынын айдоо аянттарын көбөйтүп, өзүбүздө өндүрүү аркылуу гана маселени чечсе болот. Анын 85% импорттон келет. Бизге импорт кылган мамлекеттердин өздөрүндө баа кымбаттап жатат. Биринчи өзүбүздө сырьену өндүрсөк, ишкерлер май өндүрүүгө даяр экен. 56 миң гектарды биз иштете албай жатыптырбыз. Ошол жерлерди иштетүүгө ишкерлерге жардам берели. Импортту 35% азайтсак туруктуулук пайда болот. Кумшекердин баасы 60 сомдон ашты. Мен тапшырма бердим. Кайыңды заводу 2-3 айга чейин бааны 54 сомдон ашырбай турса. Биз жардам берели. Кызылчанын аянтын кеңейтсек деп. Негизги 12 азык-түлүккө болгон баа өсө берсе, биз дагы мамлекеттик жөнгө салуу ыкмасын киргизебиз. Бирок ага жеткирбей базардагы бааны түшүрүү боюнча мамлекеттен миллиондогон акча бөлдүк. Өсүмдүк май, кумшекерди сырттан алып келип, бааны түшүрүү аракети көрүлүп жатат. Жакынкы күндөрү муну сезе башташыбыз керек", - деди Марипов.

Расмий маалыматка караганда, СOVID-19 илдетине байланыштуу чектөөлөрдөн улам бир жыл ичинде Кыргызстандын ички дүң продукциясы 8,6% төмөндөп кетти.

Өлкөдө соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо болууда. Азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50% чейин кымбаттады. (NT)

XS
SM
MD
LG