Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:57

"Паспорт кризиси": Калган төрт миңдей бланкты өкмөт майга чейин жеткирүүнү көздөп жатат


Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт.
Жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспорт.

Кыргызстанда жалпы жарандык паспорт бир айда орточо эсеп менен 25-30 миң адамга берилет, ал эми азыркы күндө калган 4 миңдей паспортту өкмөт 1-майга чейин жеткирүүнү көздөп жатат.

12-мартта Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна билдиргендей, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жаңы жалпы жарандык паспорттор алгач алып жаткандарга жана чет өлкөгө чукул жөнөөчүлөргө гана берилүүдө, мурда алгандардын мөөнөтү ичине белги басып узартылат.

Учурда актай бланктардын саны 4 миңдин тегерегинде, алгач алып жаткандарга бир айга 16 миңдей паспорт талап кылынарын Мамкаттоо кабарлады.

Мекеменин жетекчиси Акын Мамбеталиев өлкөдө “паспорт кризиси” жаралганын моюнуна алып, элден кечирим сурады жана жалпы жарандык паспорттун бланктары 1-июнга чейин жетет деп туура эмес боолгоп алышканан белгиледи:

“Бул долбоорду тийиштүү деңгээлде көзөмөлдөбөгөнүм үчүн кечирим сурайм. Чет өлкөгө чыгуучу паспортторду 1-майдан тартып бере баштоого болгон аракетибизди көрүп жатабыз”.

Кыргызстанда бардык жарандар милдеттүү түрдө алышы керек болгон ички паспорт – ID карта. Ал эми чет жакка чыгууну каалагандар жалпы жарандык паспорт алышы зарыл. Мындан тышкары кызматтык жана дипломатиялык паспорттор болот.

Жалпы жарандык паспорттун жаңы муундагы биометрикалык үлгүсү (ePassport) Кыргызстанда 2020-жылдын 25-декабрында бериле баштамак. Кийин апрелде берилет деп маалымдалган. Жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоо боюнча тендерди Германиянын «Мюльбауэр» (Mühlbauer ID Services GmbH) компаниясы утуп алган. Бирок принтерлерге байланыштуу техникалык себептерден улам жаңы бланктардын Кыргызстанга келүүсү кечеңдеп жатат.

Жаңы паспорт боюнча план ишке ашпай жатканы үчүн 9-мартта өкмөт башчы Улукбек Марипов Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш жарыялап, анын орун басары Тилек Батыркановду иштен алган.

Чет мамлекеттерге чыга турган жалпы жарандык паспорт биометрикалык үлгүдө болбогондуктан АКШнын администрациясы 2020-жылдын 31-январынан тартып кыргызстандык жарандардын иммиграциялык визаларына жана грин-картка чектөөлөрдү киргизген. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG