Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Коронавирус менен өткөн бир жыл

11-мартта Саламаттык сактоо уюму коронавирус инфекциясынын кесепеттерин пандемия деп жарыялангандан бери туура бир жыл өттү.

2020-жылдын январь айында Кытайда коронавирустун жаңы түрү аныкталган. Көп өтпөй өпкөнү сезгенткен бул илдет дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө желдей тарай баштаган.

Пандемия жарыяланган учурда COVID-19 илдети дүйнөнүн 114 өлкөсүнө жетип, чек аралар биринен сала бири жабыла баштаган эле. Кытайдын өзүндө вирусту жугузгандар азаюу темпине түшсө, Иранда, Италияда ооруканалар толуп, аттуу-баштуу адамдар илдеттен көз жуумп жаткан.

Дүйнөдө акыркы 1 жыл аралыгында 2,5 миллиондон ашык адамдын өмүрүн алган бул илдет кандай башталганын ошол учурда тартылган сүрөттөр эске салат.

XS
SM
MD
LG