Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:17

БУУнун баш катчысы дүйнөдөгү ачарчылык коркунучун эскертти


Антониу Гутерриш.
Антониу Гутерриш.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш дүйнөдөгү ар кыл жаңжалдардан улам он миллиондогон адамдар ачарчылыктын запкысын тартып жатканын жана ачарчылыктын алдында турганын билдирди.

11-марта Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып Гуттериш дүйнө өлкөлөрүн бул катастрофанын алдын алуу үчүн 5,5 миллиард доллар бөлүп, каржылоого чакырды.

«Азыр тезинен чара көрбөсөк, миллиондогон адамдар ачарчылык жана өлүмдүн богососунда турат», - деди БУУнун баш катчысы. Гуттериштин маалыматы боюнча, 30дан ашык өлкөдөн 30 миллиондой адам чыр-чатактардан улам азык-түлүк жетишпеген шартта жашоого аргасыз.

Дүйнөдөгү жаңжалдар аз келгенсип, Антониу Гуттериш «климаттын өзгөрүшү жана коронавирус пандемиясы «өрткө май куйгандай» болуп жатат», - деп сүрөттөдү.

2020-жылдын аягында жер жүзүндө 88 миллиондон ашык адам ачарчылык шартында күн кечирип жатканы кабарланган. Бул мурдагы жылдарга караганда 20 пайызга көп. Азык-түлүктүн жетишпестигинен эң көп запкы тарткандар катары Сахел, Түштүк Судан, Йемен, Ооганстан өлкөлөрү аталган.

XS
SM
MD
LG