Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:59

Жапаровдун Өзбекстанга сапары жыйынтыкталды


Президенттер Шавкат Мирзиёев жана Садыр Жапаров.
Президенттер Шавкат Мирзиёев жана Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапары жыйынтыкталып, 12-мартта расмий делегация Бишкекке кайтып келди.

Эки күндүк сапар алкагында 22 документке кол коюлду. Алардын арасында кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө, аткезчиликке каршы чогуу күрөшүү, суу-энергетика, коргоо жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашуулар бар.

Президенттер Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев жакынкы жылдары эки тараптуу товар алмашуунун көлөмүн 2 миллиард долларга чейин жеткирүү керектигин белгилешти. Бул үчүн экспорттук-импорттук операцияларды колдоо механизмдерин жигердүү өнүктүрүү, бизнес-форумдарды жана көргөзмөлөрдү көбөйтүү зарылдыгын билдиришти.

Кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо аягына чыгарылары айтылып, ортодогу автоунаа каттамдары жанданары маалым болду.

"Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан“ темир жолунун курулушу эки мамлекеттин түпкү кызыкчылыгына толук жооп бере турганы айтылды.

Кыргыз мамлекетинин башчысы катары Жапаров алгач иш сапар менен Орусияга, андан кийин мамлекеттик сапар менен Казакстанга барып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG