Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

Мирзиёев: Кыргыз-өзбек чек ара маселесин эң кеч дегенде үч айда чечмей болдук (видео)


Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент шаары. 2021-жылдын 11-марты.
Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев. Ташкент шаары. 2021-жылдын 11-марты.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин жакын арада, эң кеч дегенде үч айда чечмей болуп жатышат. Бул тууралуу 12-мартта Ташкентте президент Садыр Жапаров менен жолугушкандан кийин өзбек президенти Шавкат Мирзиёев билдирди:

«Биз мамилелерибиздин тарыхында алгачкы жолу чек ара боюнча ким, эмне жана качан жасашы керектигин так, бекем макулдаштык. Себеби бул элдерибиз күтүп жаткан орчундуу көйгөй. Жада калса мөөнөтүн да аныктап алдык – үч ай. Бирок бул эң узак мөөнөт болсун дедик. Айрым маселелер боюнча эң жакын арада, бюрократиясыз, эки тарап тең олуттуу жоопкерчилик алып чечебиз”.

Кыргызстан төрт мамлекет менен чектешет. Казактан жана Кытай менен чек ара тилкелери такталып бүткөн.

Тажикстан менен сүйлөшүүлөр 2002-жылы башталган, азыр ортодогу чек аранын 60 пайызга жакыны такталган.

Өзбекстан менен 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85 процент), андан бери дагы 10 процентке жакыны такталды.

Чек ара тактала элек тилкелерде жергиликитүү тургундардын суу жана жер талаш маселелери чыгып, курал колдонулган учурлар да катталып келет.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы дипломатиялык мамилелер 2016-жылдан кийин, Мирзиёев бийликке келгенде жакшыра баштаган. Ага чейин чек ара бекеттеринин көпчүлүгү жабылып, кызматташтык дээрлик токтоп калган.

Президент Садыр Жапаров 11-12-мартта Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барып келди. Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 22 документке кол коюлду. (RK)

XS
SM
MD
LG