Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:46

Муфтийликке эки кишиден арыз түштү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси - Муфтий болуу үчүн эки кишиден арыз түшүп, алар талапкер катары катталышты.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин катчысы Акылбек Калыбеков "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, талапкерлердин бири - Аалымдар кеңешинин мүчөсү Сайдамир Жээналиев, экинчиси - ислам дин илими боюнча устат Нурбек Токтогулов. Каалоочулардан арыз кабыл алуу 17-мартка чейин уланат.

Быйыл 10-февралда УКМК мурдагы Муфтий Максатбек Токтомушевди башкармалыктагы мыйзамсыз финансылык иштер боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 12-февралда жашаган жеринен башка аймакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон.

11-февралда Аалымдар кеңеши кезексиз жыйынга чогулуп, Токтомушевдин муфтийликтен өз каалоосу менен баш тарткан арызын карап, канааттандырган. Азыр анын милдетин муфтийдин орун басары Жоробай Шергазыев аткарууда.

Аалымдар кеңеши 17-февралдан тартып Муфтийликке талапкер болууну каалагандардан арыз кабыл ала баштаган. (NT)

XS
SM
MD
LG