Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Евробиримдик Гонконгго байланыштуу Кытайга эскертүү берди


Гонконг.
Гонконг.

Евробиримдик Гонконгго көзөмөлдү күчөтүү чечиминен соң Кытайга карата «кошумча чараларды» кабыл алышы мүмкүн экенин эскертти.

11-мартта Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйыны Гонконгдун шайлоо системасын «патриоттор башкаргандай» кылып өзгөрүү боюнча резолюция кабыл алган. Ага ылайык, Гонконгдун Бээжин көзөмөлдөгөн шайлоо комитетинин укуктары кеңейтилип, административдик аймактын жетекчилик органдарына талапкерлерди текшерүүгө укук алат. Бул өз кезегинде Гонконгдогу демократиячыл күчтөрдүн бийликке келишине тоскоол болушу мүмкүн.

Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян бул мыйзам Гонконгду "патриоттор башкарышына" шарт түзөрүн билдирди. Мыйзам долбоору азырынча иштелип чыга элек, аны жакынкы айларда Эл өкүлдөрүнүн бүткүл кытайлык жыйынынын туруктуу комиссиясы даярдайт.

Бул чечимди АКШнын Мамлекеттик департаменти сынга алып, Гонконг автономиясына «түздөн-түз чабуул» деп атады. Еврокомиссиянын тышкы саясат комиссары Жозеп Боррель Гонконгдогу кырдаалга көңүл бурарын жана Евробиримдик Кытайга карата кошумча чараларды карап көрөрүн билдирди.

Буга чейин Брюссел Гонконгдогу көзөмөлдү күчөтүүгө өбөлгө болчу жабдыктарды сатууну кыскарткан. Ал эми Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери абал начарласа, санкцияларды киргизүүнү талкуулаган.

Британиянын отордук аймагы болуп келген Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдикдик берген атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөн.

Бээжин Гонконгду «бир өлкө, эки система» формуласына ылайык башкарууга, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берүүгө убада берген. Акыркы жылдары Бээжин бул аймакка көзөмөлдү күчөтүп, эгемендик үчүн күрөшкөн активисттерди куугунтуктап келет.

XS
SM
MD
LG