Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:45

Өзбекстан Кыргызстанга белекке 20 "Тез жардам" машинасын тартуулады


Ташкент шаары. 2021-жылдын 12-марты.
Ташкент шаары. 2021-жылдын 12-марты.

Өзбекстан Кыргызстанга 20 “Тез жардам” автомашинасын белекке тартуулады. Бул тууралуу 12-мартта президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, президент Садыр Жапаровдун Өзбекстанга мамлекеттик сапарынын алкагында ал өзбек президентинин чакыруусу боюнча Ташкенттеги “Яшнабад” инновациялык технопаркында болуп, уюмдун иши менен таанышты.

“Технопарктагы ар кыл багыттагы инновациялык ойлоп табууларды эске алуу менен тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Өзбекстанда өндүрүлгөн транспорт каражаттары менен тааныштырууда кыргыз тарапка 20 тез жардам унаасы белек катары берилди” деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Жапаровдун Өзбекстанга болгон эки күндүк мамлекеттик сапары жыйынтыкталып, 12-мартта расмий делегация Бишкекке кайтып келди. Сапар алкагында 22 документке кол коюлду. Алардын арасында кыргыз-өзбек өнүктүрүү фонду жөнүндө, аткезчиликке каршы чогуу күрөшүү, суу-энергетика, коргоо жана башка тармактарда кызматташууну өнүктүрүү боюнча макулдашуулар бар.

“Тез жардам” машиналарынын жетишсиздиги Кыргызстандын саламаттык сактоо системасындагы негизги көйгөйлөрдүн бири. Норма боюнча 10 миң кишиге бир бригада болушу керек деген талапты эске алганда, мисалы, Бишкекте кеминде 100 машина болууга тийиш. Былтыркы жылдын маалыматы боюнча борбор калаада 50 чакты машина бар болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG