Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:09

Исмаилова: Мен өкмөттөн кетер алдында коронавирус азайып калган


Аида Исмаилова. Архивдик сүрөт.
Аида Исмаилова. Архивдик сүрөт.

Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова 2020-жылы өкмөттөгү кызматын тапшырып, парламенттик шайлоого катышкан себебин айтты. Ал 12-мартта "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунда пандемиянын бир жылдыгы боюнча ойлору менен бөлүшүп, төмөнкүлөрдү билдирди:

"Мен кетер алдында коронавирустун статистикасы төмөндөгөн. Жогорку Кеңеште социалдык комитеттин мүчөсү болчумун, ал жакта саламаттыкты сактоо тармагын реформалоо боюнча көп демилге көтөргөм, бирок алар ишке ашпай калган. Жаңы парламент келгенде мен өкмөттө калышым күмөн эле. Мыйзам чыгаруу же аткаруу бийлигине келбей калсам демилгелерим эмне болмок?"

Аида Исмаилова вице-премьер болуп 2020-жылдын апрелинен августуна чейин иштеп, андан соң парламенттик шайлоого талапкер болуп кеткен.

Кийин анын талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине көрсөтүлгөндө депутаттардын кескин сынына кабылган.

Депутат Үмбөталы Кыдыралиев Исмаилованын пандемия учурунда шайлоого катышканын белгилеп: «Сиз сыяктуу аткаминерлер бардык эрежелерди уятсыздык жана жоопкерчиликсиздик менен жерип, шайлоого барып, 5-октябрдагы окуяга салым кошту», - деп айткан.

Депутат Дастан Бекешев коронавирус эпидемиясы күчөп турганда Исмаилова вице-премьерлик кызматын убактылуу токтотуп, талапкер катары шайлоого кеткенин эскертип: «Июль айында эл арасында нааразылык күчөп, абал оор болду. Жеке сиз кандай иштедиңиз?» деп суроо узаткан.

2020-жылы июль айында Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын алгачкы толкуну эң курч көрсөткүчкө жетип, өлүм-житим көп катталган. Исмаилованын вицелик ишин токтотуп, «Биримдик» партиясынан шайлоого кеткени, өкмөт апрелде дайындалган мүчөлөрү октябрдагы шайлоого катышпай турганына убада бергени кызуу талкуу жараткан. (BCh)

XS
SM
MD
LG