Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Мыйзамга кол коюлду: Референдум 11-апрелде өтөт


Кыргыз Республикасынын Конституциясы алгач 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. Ал андан бери бир канча жолу өзгөртүү-толуктоолорго учурап, кайра да жазылып чыккан. Демилгени, адатта, бийликке келген Президент сунуштайт.
Кыргыз Республикасынын Конституциясы алгач 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. Ал андан бери бир канча жолу өзгөртүү-толуктоолорго учурап, кайра да жазылып чыккан. Демилгени, адатта, бийликке келген Президент сунуштайт.

Президент Садыр Жапаров Конституциянын долбоору боюнча референдумду 11-апрелде өткөрүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Буга чейин 11-мартта Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорду кабыл алган. Ага жыйынга катышкан 100 депутаттын 94ү макул деп, алтоо каршы добушун беришти.

Кыргызстанда быйыл 10-январда референдум өтүп, президенттик башкаруу формасы тандалып алынган. Мына ушул президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын долбоорун даярдоо 10-январга чейин эле башталып, атайын Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Эми дал ушул кеңешме иштеп чыккан Баш мыйзамдын долбоору боюнча өлкө жарандары 11-апрелдеги референдумда өз добушун бериши керек.

Айрым депутаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү Конституциянын жаңы долбоору эреже бузуу менен кабыл алынып жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип келишет.

Алар жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда бийлик бутактары ортосундагы тең салмактуулук сакталбай калганын жана бийликтин жеке колго топтолушуна шарт түзөт деп чочулашат. Бирок Конституциялык кеңешме мүчөлөрү жана учурдагы бийликтегилер мындай дооматтарды четке кагып, жаңы Баш мыйзамдын долбоору президенттик бийликтин жоопкерчилигин арттырарын белгилеп келишет.

Кыргызстанда 11-апрелде референдум менен бирге жергиликтүү кеңештерге да шайлоолор өтөт.

XS
SM
MD
LG