Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:03

Милиция “өспүрүм кыз көз жарды” деген маалымат боюнча түшүндүрмө таратты


Чүй облустук ички иштер башкармалыгы жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында өспүрүм кыздын көз жарганы жөнүндө жазылган кабарларга түшүндүрмө таратты.

Милициянын маалыматына ылайык, 2020-жылдын декабрь айында Сокулук районунун тургуну жергиликтүү ички иштер бөлүмүнө 16 жаштагы кызы Т. аттуу киши менен жыныстык катнашта болгонун айтып кайрылган.

Арыз Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 164-беренеси (“Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер”) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.

Милиция арызда көрсөтүлгөн киши Ош облусунун 40 жаштагы Б.Т. аттуу тургуну экенин аныктаган.

“Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, окуяны ар тараптуу териштирүү үчүн Б.Т. жана жабырлануу кыз суралып, Б.Т. аттуу жаран бул окуяга катыштыгы жок экендигин билдирген. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалган", - деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Милиция териштирүүнүн жыйынтыгы менен жабырлануучу Сокулук районунун прокуратурасына тосмо арыз жазганын кабарлады.

2021-жылдын февраль айында Чүй облустук прокуратурасы бул иштин матриалдарын суратып алган.

Милиция өспүрүм кыздын көз жарганы жөнүндө маалымат берген жок. Чүй облустук прокуратурасына байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.

Буга чейин 24.kg маалымат агенттиги өз булагына таянып, милицияга 15 жаштагы кыз 40 жаштагы эркектен төрөгөнү тууралуу арыз түшкөнүн жазган. (TSh)

XS
SM
MD
LG