Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

Бишкекте талаптары башка эки акция өттү


"Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүшү. 2021-жылдын 14-мартты. Сүрөт kloop.kg сайтынын “Твиттердеги” баракчасынан алынды.
"Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүшү. 2021-жылдын 14-мартты. Сүрөт kloop.kg сайтынын “Твиттердеги” баракчасынан алынды.

Бишкекте 14-мартта кезектеги "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүшү өттү. Бул жолу да алар конституциялык реформага каршылык билдиришти.

Уюштуруучулардын социалдык тармактардагы маалыматына ылайык, жыйырмадай активист Темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына келишти жана талаптарын айтып тарап кетишти.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүштөрү 2020-жылдын октябрынан бери ар жекшембиде уюштурулуп келе жатат. Ага негизинен жарандык активисттер, кээде парламенттеги айрым депутаттар катышат.

Акцияда Кыргызстанда коррупцияны жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу чакырыктары айтылат. Катышуучулар колдоруна өз турумдарын билдирген ар кандай плакаттарды көтөрүп алышат.

Ушул эле күнү Ала-Тоо аянтында өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө каршы акция өттү. Бул тууралуу kloop.kg сайтынын “Твиттердеги” баракчасында кабарланды. (TSh)

XS
SM
MD
LG