Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:30

Президенттин өкүлү менен депутаттар кайым айтышты


Солдон оңго - "Бир бол" фракциясынын лидери, депутат Алтын Сулайманов менен президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов. 2021-жылдын 25-марты.
Солдон оңго - "Бир бол" фракциясынын лидери, депутат Алтын Сулайманов менен президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Анарбек Калматов. 2021-жылдын 25-марты.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын парламенттик шайлоого преференциалдык добуш берүү ыкмасын киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору 25-мартта биринчи окууда кызуу талкууланды. Анын жүрүшүндө президенттин өкүлү менен айрым депутаттар кайым айтыша кетишти.

Партияны, анан талапкерди тандоо системасы

Баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Алтынбек Сулайманов өткөн жылдын октябрь айындагы элдик толкундоолорго парламенттик шайлоо системасынын кемчилиги дагы себеп болгонун белгиледи. Анын айтымында, бул мыйзам долбоору учурдун талабы. Мыйзам кабыл алынса жарандар шайлоого катышып жаткан партияны, анын ичинен талапкерди да тандоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

“Эл биздин тизмебизди тандап, кимдерди депутат кылып, табигый люстрация жасап берет. Көп депутаттарга сунуштап көрсөттүм, эки тандоочу жер болот. Партияны тандоо анан депутаттын номурун тандайт. Негизги маселе, элдин түз шайлоо укугун кайтарып берүү. Көпчүлүк эл азыр бир мандаттууну (системаны) эңсеп жатат. Ошондуктан жабык тизме эмес, эл өзү татыктуу талапкерин өзү тандасын. Эл өзү тандагандан кийин жоопкерчиликти дагы сезет. Партия лидерлери тизмени бекитпеши керек. Алар “ким парламентке татыктуу” деп, тизмени сунушташы керек”, - деди Сулайманов.

Депутат сунушталып жаткан преференциалдык система Европанын айрым мамлекеттеринде колдонулаарын белгилеп, бир мандаттуу шайлоо ыкмасынын заманбап түрү деп сыпаттады. Сулайманов мыйзам долбоорун түшүндүрүп жатып, өлкө боюнча бир округ болоорун жана аялдар квотасы сакталарын да кошумчалады. Шайлоочу алгач бюллетендеги партияны, андан кийин анын ичиндеги талапкердин номурун тандайт.

Жаңы системага БШКнын техникалык мүмкүнчүлүгү барбы?

Бул мыйзам долбоору 2020-жылдын 6-майында коомдук талкууга коюлуп, ошол эле жылдын 17-июнунда Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген. Талкууда депутат Сайдулла Нышанов сунушталып жаткан мыйзам жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын пикирин жана добуш берүү системасынын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн сураган.

Шайлдабекова сунушту “прогрессивдүү система” деп баалап, Борбордук шайлоо комиссиясынын преференциалдык система менен парламенттик шайлоо өткөрүүгө техникалык жетиштүү экенин билдирген.

Нуржан Шайлдабекова.
Нуржан Шайлдабекова.

“Прогрессивдүү система катары баалайбыз. Бирок, азыркы биздин абалга байланыштуу өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кеңири бардык жагынан карап чыгыш керек. Мыйзам долбоорунда так көрсөтүлгөн, бир добуш партияга берилет, анын ичинен талапкерге берилген номерге добуш берилет. Бизде заманбап технология колдонулат. Жабдуу жана программаларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк бар. Биз мыйзам чегинде иштейбиз”.

Парламенттик талкуу учурунда президент Садыр Жапаровдун парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов менен айрым депутаттар кер-мур айтыша кетти.

Калматов шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүү боюнча президенттин жарлыгы чыкканын, 11-апрелдеги референдумдан кийин мыйзамдар өзгөртүлөрүн белгиледи.

Калматов "сунушталып жаткан долбоордогу айрым мүчүлүштүктөрдү шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүү боюнча түзүлгөн кеңешменин жыйынынан кийин талкуулоо туура болот" деген пикирин билдирди. Буга байланыштуу ал Сулайманов менен кайым айтышты.

Калматов: Шашылбай эле, паровоздун алдында чуркабай отурумдан кийин сунушталсабы деген маселе...

Сулайманов: Ким айтты паровоздун алдында чуркап жатат деп?

Калматов: Президенттин жарлыгын сыйлап коёлу деген эле сөз...

Сулайманов: Кечирип коюңуз, сөздү башка жакка бурбай. Президенттин жарлыгын ким сыйлабай жатат? Кошоматчылыкты башкача кылыңыз.

Калматов: Сиз сөздү кошпоңуз. Кошоматчылык кылган эч ким жок. Президенттин жарлыгын айтып жатам.

Президенттин өкүлү менен Сулаймановдун кайым айтышынан кийин депутат Мирлан Жээнчороев Анарбек Калматовду жеке пикирин айтууга, эл өкүлдөрүнүн мыйзам долбооруна сын айтууга Жогорку Кеңештин жыйынында укугу жок экенин эскертти.

Калматов депутатка "президенттин жарлыгын гана айтып жатам" деп жооп берип, Жээнчороев менен Калматов дагы бир нече мүнөт кер-мур айтышты. Айрым депутаттар президенттин өкүлүнүн парламенттик талкууда активдүү катышып жатканын колдосо, кээ бирлери эл өкүлдөрүнө басым кылууну токтотуу керек экенин билдиришти.

Ошентип, кызуу талкуудан кийин бир катар сунуштар менен "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

2020-жылы преференциалдык шайлоо ыкмасын киргизүү боюнча мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдар, саясатчылар менен тегерек столдордо далай талкууланган. Мыйзамдын демилгечиси Жанарбек Акаев, Рыскелди Момбеков сыяктуу бир нече депутаттар.

Президент Садыр Жапаров Казакстандын "Казинформ" агенттигине курган маегинде Кыргызстанда парламенттик шайлоо быйыл күздө өтө турганын билдирген. Сунушталып жаткан Баш мыйзамдын долбоору боюнча парламенттеги депутаттардын саны 90 киши болоору болжолдонуп жатат.

Бирок, парламенттин шайлоо системасы кандай болоору азырынча так аныктала элек. Буга чейин 35 депутатты бир мандаттуу шайлоо округдарынан, калган 55ин партиялык система менен тандоо жөнүндө сунуштар айтылган эле.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG