Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:01

Борбор Азиядагы алака-катыштын арышы


Токтогул ГЭСи. Иллюстрациялык сүрөт.

Айрым эл аралык интернет басылмалары Кыргызстан менен Өзбекстандын суу-энергетика, чек ара көйгөйлөрүн чечүү маселесине көңүл буруп, соңку мезгилде Кытай Борбор Азия чөлкөмүнөн экологиялык таза өстүрүлгөн айыл чарба азыктарын сатып алууга кызыкдар болуп жатканын жазды.

Кыргызстан менен Өзбекстан Токтогулда сууну сактоону макулдашты

Кыргызстандын Токтогул каскадындагы суунун өлчөмү мындан 12 жыл мурунку абалга келип, суунун деңгээли кескин түшүп кеткен. Буга байланыштуу Кыргызстан менен Өзбекстан суу сактагычтагы суунун деңгээли коркунучтуу чектен ылдый түшүп кетпеши үчүн 750 млн. кВт саат электр энергиясын берүүгө макулдашканын https://eurasianet.org интернет басылмасы жазып чыкты.

Буга чейин Кыргызстан электр энергиясынын жетпеген көлөмүн адатта кышкысын жыл сайын Казакстандан жогору баада сатып алып турган. Ташкендеги соңку макулдашуу Кыргызстан электр энергиясын жетиштүү иштеп чыгып, сууну Өзбекстанга кенен өткөрүү максатында Токтогул суу сактагычына сууну жетиштүү толтурууга багытталганы макалада баяндалган.

Анда Кыргызстандын “Электр станциялары” мамлекеттик ишканасынын маалыматына шилтеме берген бул интернет басылма 26-мартка карата суу сактагычтагы суунун көлөмү секундасына 8,77 млрд. куб метр экенин белгилеген. Бирок эгерде электр энергиясын көбүрөөк иштеп чыгуу үчүн сууну коё берүү ылдамдай турган болсо, анда анын көлөмү 5 млрд. куб метрге чейин түшүп кетиши ыктымал. Мындай көлөм суу сактагычтагы авариялык кырдаалды жаратып, өндүрүштү үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн экени көрсөтүлгөн. Былтыр ушул мезгилде аталган суу сактагычтагы суунун көлөмү 11,8 млрд. куб метрди түзгөн. https://eurasianet.org сайты Кыргызстандын Токтогул суу сактагычынан бир жылда 22 млрд. куб метр суу Өзбекстан менен Казакстанга агып чыгарын мисал келтирген.

Кыргызстан менен Өзбекстан талаштуу чек арасын тактады

https://centralasia.news басылмасы чек араларды тактоо боюнча эки тараптуу паритеттик комиссиянын соңку жыйынында кабыл алынган чечим тууралуу макаласын жарыялады. Анда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоонун жыйынтыгы боюнча эми мындан ары бул эки кошуна өлкөнүн ортосунда талаштуу чек ара тилкелери жок экенин белгиленген.

Ташкенде 24-25-мартта өзбек премьер-министри Абдулла Арипов менен Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан жыйында тараптар эки мамлекеттин ортосундагы чек ара көйгөйлөрү чечилгени жарыяланган. Интернет басылмасы Камчыбек Ташиевдин аталган жыйындагы «бул талаштуу тилкелерде дайыма кагылыштар болуп турган, эми андай окуялар болбойт» деген сөзүнө шилтеме келтирген. Анда кыргыз саясатчысы бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жеңүүчү жана жеңилген тарап жоктугун, эки жакка бирдей макулдашууга жетишилип, андан соң гана протоколго кол коюлганын белгилеген. Басылма кыргыз делегациясы чек ара боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жыйынтыктоочу протоколго кол коюу үчүн 23-мартта Бишкектен учуп келип, жыйын 25-мартка чейин улантылган.

Кытай Борбор Азия чөлкөмү үчүн рыногун ача баштады

Deutsche Welle (DW) эл аралык радиосу Кытай Борбор Азия өлкөлөрүнүн азык-түлүк ташыган экспортерлору үчүн рыногун ачып, бул чөлкөм менен соода-экономикалык алака кылуунун жаңы фазасына чыкканын жазып чыкты. Анда Кытай буга чейин Борбор Азия чөлкөмүнөн алтын, мунай жана көгүлтүр отун өндүрүүгө гана кызыгып келсе, ал жакындан бери айыл чарба азыктарынын импортун көбөйтүүгө уруксат берилерин убада кылган.

Бээжин соңку жылдары чөлкөмдөн жер-жемиштерди Кытайга импорттоо үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү менен фитосанитардык көзөмөлдү жеңилдетүү тууралуу макулдашууларга койгону белгилүү. Буга байланыштуу жергиликтүү экспортерлор айыл чарба азыктарынын айрым түрлөрүн Кытайга ташып киргизүүгө лицензия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, Кытайдын электрондук соода аянтчасына кирүүгө шарт түзүлүп жатканына Deutsche Welle (DW) басым жасады. Баяндамада муну менен Бээжин чөлкөмгө таасирин күчөтүп жатканы белгиленген.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2019-жылдагы сапары учурунда Кытайга буудай сатуунун көлөмүн үч эсе көбөйтүү маселесин көтөргөн. Мындан сырткары ал унду, мал этин, тоок этин, сүт жана сүт азыктарын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Бирок Кытайдын бул багыттагы стратегиясы эки ача экенин белгилеген басылма, ал бир колу менен Борбор Азия чөлкөмүнөн товарларды импорттоого макулдук берип, ошол эле кезде Кытай рыногуна кирүү жолдорун татаалдаштырып салганын жазган.

Ошого карабастан соңку мезгилде Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын айыл чарба жана кайра иштетүү тармагынын экспортерлору мөмө жемиш, кургак сүт, буудай жана дан азыктарын Кытайга сатуунун көлөмүн көбөйткөнү макалада белгиленген.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG