Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Укук коргоочулар ооруп жаткан Навальныйга жолукту


Абактагы Алексей Навальный жана Владимир Путин. (Азаттыктын коллажы)
Абактагы Алексей Навальный жана Владимир Путин. (Азаттыктын коллажы)

Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөлөрү абакта ооруп жаткан оппозиция лидери Алексей Навальныйдан кабар алышты. 26-мартта Алексей Навальныйдын өзү бели менен буту чыдатпай ооруп жатканын, бирок, ага тиешелүү деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүнө даттанган болчу.

Владимир облусунун Коомдук байкоочу кеңешинин мүчөлөрү оппозиция лидери Алексей Навальный отурган №2 түзөтүү абагына кирип чыгышты.

Комиссиянын төрагасы Вячеслав Куликов Алексей Навальный абакта өзү басып жүргөнүн жана ал жолугушуу учурунда бир гана оорууну басаңдатуучу дарыны сураганын айткан.

Комиссиянын төрагасы Вячеслав Куликовдун айтымында, ал ооруну басаңдата турган дары алууга көмөктөшүүнү сураган. Буга чейин Навальныйдын адвокаттары ага жолугушууга уруксат берилбей жатканын айтышкан болчу. Бул арада Навальныйдын тарапташтары анын боштондугун талап кылган ири нааразылык акциясын уюштурууну мерчемдешүүдө.

Саясатчынын жактоочусу Ольга Михайлова түзөтүү абагында аны менен кыска мөөнөткө гана көрүшүү мүмкүн болгонун, бирок, дарыгерлер тарабынан оорунун себеби айтылбай, дартты аныктоонун жыйынтыгы аларга белгисиз экенин билдирди:

"Бизди башында аны менен жолугууга коё беришпеди. Бирок, ошол эле кезде аны камерадан чыгарып, биз менен жолугууга алып келишти. Ага азыр анын жактоочулар менен жолугушуусу боло турганын айтышты. Андан соң жарым саат өтпөй конвойлор келип, өздөрү айткандай, аны кайсы бир жарандык ооруканага алып кетишти. Анан ал жактан ага МРТ жасашып, ден соолугуна кароо жүргүзүшүптүр. Бирок, ага анын дарты эмне экенин аныктап, айтышкан эмес" - деди жактоочу Ольга Михайлова.

Алексей Навальный Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнөн "Диклофенак" алууга көмөктөшүүнү суранганы белгилүү болду. Комиссия бул дары түзөтүү жайынын медициналык бөлүмүндө каттоодо турганын белгилеген. Ошондуктан Байкоочу кеңештин мүчөлөрү түзөтүү мекемесинин дарыгерлерин ошого көңүл буруп, зарылдыгына жараша кошумча кароо жүргүзүүнү суранышкан.

Оппозиция лидеринин жубайы Юлия Навальная президент Владимир Путинге кайрылып, аны токтоосуз боштондукка чыгарууну талап кылган. Ал твиттерине Алексей Навальныйдын оорусу олуттуу экенин жана дарттын өтүшүп кеткенин белгилеген.

Орусиянын президенттинин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун ага карата жообу мындай болду:

"Биз ал кайрылууга эч кандай реакция жасабайбыз. Ал бардык жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылыптыр. Анан албетте, ал тууралуу маалымат каражаттарынын баяндамасына байланышкан бардык материалдарда камтылат. Бирок мен дагы бир жолу кайталайм. Бул жаран соттолуп, түзөтүү абагында камалган шартта буга окшогон кайрылууларды кабыл ала турган дарек – Федералдык жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы гана".

26-мартта Алексей Навальныйдын өзү бели менен буту чыдатпай ооруп жатканын, бирок, ага тиешелүү деңгээлдеги медициналык жардам көрсөтүлбөгөнүнө даттанган болчу. Бул боюнча анын Инстаграм баракчасына жарыяланган.

Ага чейин анын адвокаттары дагы саясатчынын саламаттыгынын абалын кабарлашкан. Бирок Жазаларды аткаруу кызматы “анын абалы канааттандырарлык” экенин жарыялаган. Укук коргоочу Зоя Светова мындай билдирүүнүн төркүнөн шекшийт.

"Мен анын саламаттыгынын абалы жакшы эмес деген ойдомун. Анткени, бул тууралуу Жазаларды аткаруу жайынын кызматкерлери кыйыр түрдө белгилешти. Себеби алардын «анын абалы канааттандырарлык» деген сөзү эмнеси? Эгерде анын саламаттыгы жайында болсо «анын абалы жакшы» эле дешет эле да. Демек, абалы жакшы эмес", - дейт укук коргоочу Зоя Светова.

Оппозиция лидери Алексей Навальныйдын тарапташтары жакында анын боштондугун талап кылып, Орусияда ири масштабдагы нааразылык акцияларынын уюштурула турганын жарыялашты.

АКШ жана Европа Биримдиги Орусиянын бийлигин оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды тез арада бошотууга үндөштү.

Навальный Москвадан 100 чакырымдай алыстагы Орусиядагы эң катаал абак жайларынын биринде отурат. Былтыр ал ууланып, Германияга дарыланууга кетип, анан ал жактан учуп келгенде камакка алынган.

Ага 7 жыл мурун козголгон иштин алкагында шарттуу жазанын эрежесин бузду деген айыптоо менен быйыл февралда сот аны 2,5 жылга кескен. Орусиянын Тергөө комитети ага каршы дагы бир кылмыш ишин козгогон. Навальный аны ууландырууга президент Владимир Путинди күнөөлөп, кылмыш иштерин «саясий буйрутма» катары баалайт.

Орус элин ойготкон Навальный
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:23 0:00

XS
SM
MD
LG