Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Навальныйдын абактагы абалы белгисиз


Навальный Москвадагы сотто, февраль  2021-жыл
Навальный Москвадагы сотто, февраль  2021-жыл

Абактагы Навальныйдын саламаттыгы тынчсыздануу жаратууда.

Оппозициячы Алексей Навальныйдын тарапташтары абакта анын өмүрүнө коркунуч жаралганын айтып жатышат.

Өткөн жумада түрмөдөгү Навальный бели ооруп, буттары катып калганына арызданган.

24-мартта түрмөгө барган адвокаттары да аны менен кездеше алышкан эмес.

Оппозициячынын өмүрүнө тынчсыздануу пайда болгон кезде Федералдык Жаза аткаруу кызматы «догдурлардын баамында, Владимир облусундагы колонияда жаза өтөп жаткан Алексей Навальныйдын ден соолугу туруктуу, канааттандырарлык» деген билдирүү таратты.

Бирок, мындай билдирүү Навальныйдын үзөңгүлөштөрүн ого бетер дүрбөлөңгө салды.

«Биз ойлогондой эле Навальный ооруканага түшүп калган. Ошондуктан ага адвокаттарын киргизбей, ар кандай чектөөлөрдү айтып, алдап жолго салышкан. Навальный бир нерсе болуп жатат, өтө кооптуу» деп жазды «Твиттерде» Навальныйдын Орусиядагы штабдарынын башчысы Леонид Волков.

Федералдык Жаза аткаруу кызматынын маалыматы боюнча бир күн мурда Владимир облусундагы №2 колонияда пландуу медициналык текшерүү жүргүзүлгөн, анда Навальныйдын ден соолугу «туруктуу» деп аныкталган.

Буга көнбөгөн Навальныйдын тарапташтары «түрмөнүн жетекчилиги эмне үчүн оппозициячынын ден соолугу кескин начарлап кеткени, ал абактагы ооруканага жаткырылганы тууралуу маалыматтарды жашырып жатат» деген айыптоолорго өтүштү.

Коррупция менен күрөш фонду «эми биз катуу тынчсызданып жатабыз, ФСИН дагы Навальныйдын абалын жакшы деп айта албайт» деген билдирүү таратты.

Өткөн жумада Навальный бели менен буттары чымырап, катып калганын айткан кезде ага абактагы догдурлар «эки таблетка ибупрофен» берип коюшканын белгилеген тарапташтары тез арада Навальныйга адвокаттарын киргизип, медициналык көзөмөлгө алууну талап кылып жатышат.

Навальныйдын мартта Владимир облусундагы колониядан жазган посту
Навальныйдын мартта Владимир облусундагы колониядан жазган посту

Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «президенттин администрациясы соттолгондор менен жаза өтөп жаткандардын саламаттыгын көзөмөлдөбөйт, бул түрмө жетекчилигинин милдети» деп билдирди.

10-12-мартта Навальный Москвадан Владимир облусундагы Покров кыштагындагы №2 колонияга которулган. Ал өзү абакты «концлагерге» салыштырып, түрмө жетекчилиги режимди катуу сактаганын, ур-сокку, басымга туш болбогонун маалымдаган.

Былтыр жайында Омскиде нервди шал кылуучу «Новичок» уулуу заты менен ууландырылган деген 44 жаштагы Алексей Навальный Берлинден даарылануудан кийин кайтып келгенде камакка алынган.

Ага каршы козголгон 2014-жылы кылмыш иши боюнча «шарттуу жазанын эрежесин бузду» деген доо менен быйыл февралда эки жарым жылга эркинен ажыратылган. Орусиянын Тергөө комитети ага каршы дагы бир кылмыш ишин козгогон.

Навальный аны ууландырууга президент Владимир Путинди күнөөлөп, кылмыш иштерин «саясий буйрутма» катары баалайт.

2-мартта Кошмо Штаттар менен Евробиримдик Навальныйдын ууландырылышына жана абакка кесилишине байланыштуу Кремлдеги жети аткаминерге санкция салган.

Вашингтон мындай кадамга чалгын кызматтары Навальныйды ууландыруунун артында Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү турган деген «ишенимдүү тыянакка келгенден» кийин барганын билдирген.

АКШнын «кара тизмесине» Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников, Путиндин администрация жетекчисинин орун басары Сергей Кириенко, коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко, башкы прокурор Игорь Краснов, Федералдык жаза аткаруу кызматынын директору Александр Калашников алынган.

Еврошаркет буларга кошумча Росгвардиянын башчыларына да санкция салган.

Вашингтон ошондой эле биологиялык жана химиялык өндүрүшкө тиешеси бар 14 тарапка, анын ичинде тогуз коммерциялык ишканага экспорттук чектөөлөрдү киргизген.

24-мартта Канада да кошулуп, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы - ФСБ менен жогорку даражалуу сегиз орус аткаминерине санкция салды.

Ал эми Навальныйдын командасы аны бошотуу талабы менен жазында бир катар митингдерди, нааразычылык акцияларын өткөрөрүн жарыялады. Алар «Орусия тарыхындагы эң ири акцияларды» убада кылышты. Билдирүүлөрүндө митинг – саясатчыны бошотуу боюнча пландын бир бөлүгү гана экени белгиленет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG