Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:02

Орусия: Камактан камакка кеткен Навальный


Алексей Навальный Москвадагы сотто. 02.10.2017.
Алексей Навальный Москвадагы сотто. 02.10.2017.

Орусияда Кремлдин башкы душманына айланган оппозициячыл саясатчы жана антикоррупциячыл активист Алексей Навальный кайрадан абакка кесилди. Бул ирет Москванын соту ага 20 күндүк камак жазасын чектеди.

Оппозициячыл лидер Алексей Навальныйдын азыркы камалышы ал 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышуу аракетинде Орусия аймактарында калайык менен жолугушууларды өткөрүп жаткан учурга туш келди.

Азыр президент Владимир Путиндин башкы сынчысы болуп жаткан Алексей Навальный акыркы ирет 29-сентябрда Москвадан Нижный Новгороддогу жолугушууга жөнөр алдында кармалган эле.

Москванын полициясы өз кадамын Навальный орусиялыктарды бийлик уруксат бербеген митинг-демонстрацияларга утур-утур чакырып жатканы менен түшүндүргөн.

Кармалардын жуп алдында Навальный интернет баракчасында Орусиянын түндүк борбору - Санкт-Петербург шаарынын жашоочуларын эгер шаар бийликтери анын эл менен жолугушуусуна расмий уруксат бербесе, анда 7-октябрда тынч демонстрацияга жана жүрүшкө чыккыла деп үндөгөн.

“Путиндин мааракесине белек”

Навальный Санкт-Петербургда жолугушуу өткөрүүнү көздөгөн 7-октябрь - президент Путиндин туулган күнү жана 65 жылдыгы.

29-сентябрда полицияда он саат кармалып, кайра бошотулган Навальный бийликтин кысым-басымына карабай, аймактарды кыдырууну уланта берерин ырастаган:

- Биз эмне болуп жатканын эң жакшы билебиз. Кремл үчүн ал өзү түзүп алган картина бузулуп жатканын да көрүүдөбүз. Ал жылдардан бери оппозициянын аймактарда колдоосу жок деп такай ырастап келген. Азыр албетте, алар биздин аймактардагы ийгиликтүү митингдерибизден абдан кыйналып, азап чегип жатат. Кандай тоскоолдуктар болбосун, биз ишмердигибизди уланта беребиз.

Навальный 1-октябрда Архангельск шаарындагы жактоочулары менен жолугушуп кайткан эле.

Ал эми 2-октябрда Москванын Симоновский райондук соту оппозициячыл саясатчыны “митинг, демонстрацияларды уюштуруу эрежелерин бузганы үчүн” деген айып менен 20 суткага абакка кести.

Сот өкүмү окулгандан кийин Алексей Навальный өзү Twitter социалдык түйүнүндөгү баракчасында бул жолку камалышын “Путиндин мааракесине белек” деп баалады.

“Азыр мени митингдер үчүн камап жатышат, балким, бул - Путиндин юбилейине белектир”, - деп Навальный абак жайга жөнөтүлөр алдында кабарчыларга айтты.

please wait

No media source currently available

0:00 0:04:48 0:00
Түз линк

Аймактардагы жолугушуулар

Алексей Навальный 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышуу аракетин улантып, сентябрь айы ичи Хабаровск, Владивосток, Екатеринбург, Мурманск, Омск, Новосибирск, Оренбург шаарларында жолугушууларды өткөргөн.

Оппозициячыл саясатчынын аймактагы жолугушууларына катышкандардын жалпы санын, адатта расмий өкүлдөр жана бийликчил медиа азайтып көрсөтөт.

Навальныйдын шайлоо штабы болсо ар бир шаарда жолугушууларга келгендердин санын “миңдеген” деп маалымдап, муну фотосүрөттөр менен да бекемдеген.

Омск шаарындагы жолугушууга чогулгандар. 17-сентябрь, 2017-жыл.
Омск шаарындагы жолугушууга чогулгандар. 17-сентябрь, 2017-жыл.

Навальныйдын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волков өткөн аптада “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде, социологиялык сурамжылоолордун жыйынтыктарыy ырастабаганы менен, "Орусияда жарандардын саясий жигердүүлүгү өсүп жатканы байкалат", - деп белгилеген:

- Биз мекендештерибиздин активдүүлүгү (саясий жигердүүлүгү) өсүп жатканынын көрүүдөбүз. Акыркы он күндө эле алты ири жолугушуу өткөрдүк. Алар тигил же бул шаардын акыркы жылдардагы ири саясий окуясы болду. Ушунун өзү орусиялыктардын саясат үчүн көчөгө чыгууга даярдыгын көргөзүп жатат. Бул биздин митингдерге келгендердин динамикасынан да билинүүдө. Мисалы, 12-июнда көчөгө чыккандардын саны 26-марттагыдан көп болгон. Азыр күзгү жолугушууларыбызда ар бир шаарда адамдар 12-июндагыдан көп чогулуп жатат. Башкача айтканда, биз колдоонун деңгээли өскөнүнө күбө болуудабыз. Адамдарды көчөгө бир нерсе - адилетсиздик чыгарууда. Азыркы Орусияда адилетсиздик күчөп жаткандыктан нааразылык мындан дагы көп болот.

Москвадагы “Левада" борбору жыйынтыгын 28-сентябрда жарыялаган сурамжылоодо ага тартылгандардын 63% өз укугун коргоп көчөгө чыгышы арсар экенин айтышса, эгер массалык акциялар болсо, катышууга даярдыгын 14% эле билдиришкен.

Алексей Навальный быйыл жазда жана жайда бүткүл Орусия боюнча антикоррупциялык жүрүштөрдү өткөрүп, өзү анын экөөндө тең Москвада кармалып, 15 суткадан абакка кесилген.

Президент Путин Навальныйдын акцияларын өзүнө “көңүл бурдуруу гана аракети” деп мүнөздөгөн.

Уфа шаарындагы антикоррупциялык жүрүш. 12-июнь, 2017-жыл.
Уфа шаарындагы антикоррупциялык жүрүш. 12-июнь, 2017-жыл.

Алдыдагы президенттик шайлоого катышарын Алексей Навальный былтыр эле жарыялап, Орусия боюнча алтымыштан ашуун штабын ачкан.

Бирок быйыл июнда өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы Навальный саясий жүйөсү бар деп аталган кылмыш иши боюнча соттолгону жоюла электен улам "шайлоого катыша албайт" деп жарыялаган.

Эл аралык “Хьюман Райтс Уотч” уюму ушул айдын башындагы баяндамасында орус бийликтери Навальныйдын президенттик шайлоого катышуу аракеттерине “системалуу” түрдө кийлигишип, анын штабдарына рейд жасап, ыктыярчы кызматкерлерин “мыйзамсыз” кармап жатканына көңүл бурган.

Европа кеңешинин чечим кабыл алуучу органы – Министрлер комитети болсо өткөн айда орус бийликтерин Навальныйдын шайлоого катышуусуна уруксат берүүгө чакырган.

Расмий Москва бул билдирүүнү шайлоо алдында Орусияга “саясий кысым көргөзүү” аракети деп баалаган.

Кезектеги президенттик шайлоо Орусияда 2018-жылдын 18-мартында өтүшү керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG