Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

Навальный президенттик шайлоого катышарын жарыялады


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Орусиядагы белгилүү оппозициялык саясатчы Алексей Навальный 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын билдирди. Бирок Навальный адегенде талапкер катары каттала алабы, катталган соң Путинди же бийлик талапкерин ута алабы дегенге такалууда.

Орусиялык белгилүү оппозиционер Алексей Навальный 2018-жылдагы президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирди:

- Эмне үчүн Орусияда аткаминерлер менен олигархтардан башкасы сотто акыйкаттык таба албайт? Эмне үчүн гезит, телеканалдар ар бир сөзүндө карандай калп айтышат? Орусияда тынчтык болобу же чатактар менен согуштарга батып, ал үчүн миллиарддарды чача беребизби? Коррупция. Үйүндө чемодандап акча каткан аткаминерлерге качанга чейин чыдайбыз? Шайлоодо адамды эле эмес, сенектик менен өнүгүү программасынын бирин тандайлы. Мен андай өнүгүү программасын сунуштап, ал бийликтикинен мыкты экенин далилдегенге даярмын.

Үч жарым мүнөттүк видеосунда Навальный өз программасын кыскача айта өттү. Атайын шайлоо кампаниясы үчүн сайт ачып, программасын толук илген. Анда сот, салык, саламаттык жана билим берүү тармагын реформалап, бийликти борбордон ажыратарын, өлкөнүн тышкы саясатын өзгөртөрүн убада кылууда.

Навальныйдын сот жөнүндө баса айтканы жөн жерден эмес. 2013-жылдан бери анын соттон башы чыкпай келет. “Кировлес” иши беш жылга шарттуу кесилип, буга каршы Адам укуктары боюнча Европа сотуна чейин арызданган. Европа соту быйыл жазда өкүм айыпталуучунун укугун бузуу менен чыгарылган деп тааныган. Бир ай мурда болсо Орусиянын Жогорку соту өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жиберген. Ушундан кийин Навальныйга шайлоого катышууга жол ачылды.

Деген менен ал жол канчага чейин ачык болот, акыйкат, бирдей шартта атаандаша алуу мүмкүнчүлүгү канчалык түзүлөт деген маселе бар:

- Тилекке каршы, добуш берүү эч нерсе чечпесине көнүп калдык. Таң каларлык эмес, анткени Орусияда 1996-жылдан бери чыныгы шайлоо боло элек. Кейпибиздин кетип турганынын бир себеби ушул. Анткени азыр 17 жылдан бери бийликте отургандар кандай гана сын болбосун көңүл бурбай калышты. Кремл да, өкмөт да өз чөнтөгүнүн камынан башканы ойлобой калды. Алар шайлоодо атаандаштыкка шарт түзбөй атышат. Атаандаштык болбогон үчүн бийлик деградация болуп жатканын көрүп атабыз, - дейт Навальный.

Шайлоого чейин бир жарым жылга жакын убакыт бар. Азырынча ага катышуу ниетин башка эч ким айта электигинен улам, айрым талдоочулар оппозиционер билдирүүсү менен эмитен эле президенттик жарышты баштап жиберди дешти.

МГИМОнун профессору, саясат талдоочу Валерий Соловейдин ырасташынча Навальный оппозицияны да, башка коомчулук өкүлдөрүн да бириктире алчу адам. Эгер адилет шайлоо боло турган болсо кандайдыр ийгиликтен күмөн саноого болбойт:

- Навальный оппозициядагы эң өтүмдүү, оппозицияны бириктирип, коомчулуктун калың катмарынын колдоосун таба ала турган талапкер. Анын үстүнө азыр анын президенттик шайлоону утуу мүмкүнчүлүгү мурдагыдай нөлгө барабар эмес. Ал кимди болбосун, атүгүл Владимир Владимирович Путинди деле утуп кетиши ажеп эмес. Дагы айтам, мүмкүнчүлүгү таптакыр жок эмес. Ал ири шаарлардын элин өзүнө тартып кетиши мүмкүн. Анан калса билдирүүнүн азыр жасалышы тактикалык эсеп. Муну менен ал Кировдогу сот ишинин жагымсыз өнүгүшүнөн коргонгусу келип атат.

Соловейдин акыркы айтканында жөн бардай. Бийлик андан чочулап, шайлоого катыштырбоо үчүн "Кировлес" иши боюнча сот кайра жаза чегерип коюшу ыктымалдыгын Навальный жана анын таламдаштары улам кайталап келишет.

Тарапташтары бийлик чочулайт дегенде Навальныйдын үч жыл мурдагы Москва мэрлигине ат салышкандагы көрсөткүчүн эске алышат. Анда 27,24% добуш менен Собянинден (51, 37%) кийинки орунду ээлеген. Ошондой эле ал жылдары он миңдеген жаштарды ээрчитип, түрдүү каршылык акцияларын да өткөрүп турушкан.

Ошол эле учурда Навальный мурда-кийин федералдык деңгээлдеги саясий күрөштөрдө өзүн көрсөтө элек.

Быйылкы парламенттик шайлоого катышкан жок. Ал эми оппозициядагы анын өнөктөштөрү болсо Мамлекеттик Думага кирүү үчүн жетиштүү добуш ала алышпады.

Бирок ал азырынча жалгыз бийлик машинасына каршы тура албоочудай көрүнгөнү менен чечүүчү учур жакындаганда чачыранды оппозициянын башын кошуп, а тургай азыркы бийлик менен келише албай өлкөдөн чыгып кеткен ишкер элитанын да колдоосун таап кетиши мүмкүн дешет. Алардын эң таанымалы Михаил Ходорковский Навальныйды президенттик жарышта колдорун бир нече ирет айтып келген.

40 жаштагы Алексей Навальный блогер катары да таанымал. Коррупция менен күрөшүү фондун түзүп, бийликтеги чоң жетекчилердин коррупциялык жол менен табылган делген байлыктарын жарыялап келет.

Айтмакчы орус президентинин пресс катчысы Дмитрий Песков Навальныйдын билдирүүсүнө Кремль кандай реакция кылды деген суроого “эч кандай” деп чорт жооп берди.

XS
SM
MD
LG