Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:57

Навальный абактан бошотулду


Абактан бошотулгандан кийин Навальный жубайы Юлия менен көрүшүүдө, Киров, 19-июль, 2013
Абактан бошотулгандан кийин Навальный жубайы Юлия менен көрүшүүдө, Киров, 19-июль, 2013

Кировдо сот абакка алынган оппозициялык лидер Алексей Навальныйды учурунда акча уурдаган деген айып менен беш жылга түрмөгө отургузганынын эртеси кайра бошотту.

Бүгүн прокурор Сергей Богданов кечээ абакка алынган Алексей Навальныйды боштондукка чыгарууну сурады.

"Мен соттон кечээ Ленин райондук соту чыгарган өкүмдү “саякаттаганга тыюу салуу” эрежеси менен алмаштырууну суранам", - деди прокурор.

Сот учурундагы сөзүндө Навальный Богдановдун кечээги соттогу сөзү менен бүгүнкүсүн тамашага салып салыштыра кетти.

"Урматтуу сот, эң оболу мен ушул прокурор Богдановдун чынында ким экендигин аныктоого көңүлүңүздү бурат элем. Бүгүнкү Богданов чыныгы Богдановдун оппозициядан келген түгөйү окшойт. Кечээ эле бул киши мени сот залынан камалсын деп жаткан", - деди Навальный.

Судья Игнатий Ембасинов прокурордун Навальныйды бошотуу боюнча арызын кабыл алып, буга оппозиционердин Москванын мэрлигине талапкер болуп катталганы да негизги себептердин бири экенин айтты.

"Навальныйдын шайлоо өнөктүгү маалында камакта отурушу аны башка талапкерлер менен бирдей абалга койбойт жана шайланууга укугун бузат", - деди судья.

Шайлоого кандайча катышаарымды жакында айтам
Алексей Навальный
Азыр эми иши сотто каралып жаткан чакта Навальный шаар башчылыкка талапкер катары катталган Москвадан чыга албайт. Оппозиционер өзү түрмөдөн бошотулушун “такыр күтүүсүз окуя” деп атады.

Кечээ Кировдогу башка сотто Алексей Навальный менен Петр Офицеров жергиликтүү ишкананы жарым миллион долларга тоногон деген айып боюнча күнөөлүү деп табылышкан эле.

Соттун ал өкүмүн Батыш өлкөлөрү “саясий чечим болду” деп катуу сындашкан, анын артынан өлкө боюнча нааразылык акциялары тутанды.

Өткөн түнү баш калаа Москвада бир нече миң адам соттун өкүмүнө нааразылык билдирген демонстрацияга чыкты. 150дөй киши кармалды. Кийинчерээк полициядан эскертүү алгандан кийин алардын көпчүлүгү бошотулду.

Бүгүн Кировдогу соттон чыгып жатып журналисттерге сүйлөгөн сөзүндө Навальный Москванын мэрин шайлоого талапкер катары катышар-катышпасы жөнүндө кийинчерээк чечим кабыл аларын билдирди.

"Шайлоо өнөктүгү улантылат, анткени бул биздин комиссиялар менен эмес, шайлоочулар менен байланышыбыз, - деди оппозициялык активист. - Бирок ал кандай формада болот – бойкотпу же шайлоого катышуубу - мен Москвага келип, шайлоо штабым менен талкуулагандан кийин гана айта алам".

Алексей Навальный орус өкмөтүндөгү коррупцияны иликтеген блоггер катары белгилүү болгон. Орусиянын президенти Владимир Путиндин “Бирдиктүү Орусия” партиясын “уурулар менен шүмшүктөрдүн” партиясы деп биринчи атаган адам да ушул киши. Кийин бул аныктама жалпы эле орус оппозициясынын жүрүштөрүндөгү негизги ураанга айланды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG