Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Навальныйды "сырттан акча алган" деп айыпташты


Алексей Навальный
Алексей Навальный

Орусиянын Башкы прокуратурасы Москванын мэрлигине ат салышып жаткан оппозициялык талапкер Алексей Навальный шайлоо өнөктүгүнө чет мамлекеттерден акча алганына далил тапканын айтты.

Бул боюнча кылмыш иш козгоо үчүн Башкы прокуратура тийиштүү документтерди Тергөө комитетине тапшырганын билдирди.

Алексей Навальныйдын шайлоо штабына акча кайдан түшүп жатканын текшерүү өтүнүчү менен прокуратурага Орусиядагы Либерал-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский өткөн аптада кайрылган. Жириновский: “Азыр Навальныйга ар 10 секунда Яндекс сайты аркылуу сырттан 10-15 миң рублдан акча түшүп жатат”, - деген болчу.

ЛДПРдин лидеринин билдирүүсүн дүйшөмбүдө Башкы прокуратура тастыктады. Прокурорлордун билдирүүсүндө айтылгандай, “Яндекс.Акча” системасы аркылуу Навальныйдын атына 46 өлкөдөгү 300дөн ашуун компания жана жеке адамдардан каражат түшкөн.

Навальныйдын шайлоо штабынын башчысы Леонид Волков бирок дүйшөмбүдө бул өңдүү билдирүүнү толук четке какты жана “Навальныйга сырттан бир тыйын да которулбаганын” билдирди.

“Дождь” телеканалына телефондон сүйлөп жатып, Навальный өзү да муну жокко чыгарып, Башкы прокуратура ага каршы жасалма иш даярдап жатат деди.

"Азыр эмне үчүн мындай болуп жатканы биз үчүн айдан ачык: социологиялык иликтөөлөргө караганда, шайлоо сөзсүз экинчи айлампага калат. Кремль да, азыр Москванын мэринин милдетин аткарып жаткан Сергей Собянин да экинчи айлампадан коркушат. Ошон үчүн алар эптеп эле Федералдык телеканалдарда мен жөнүндө жагымсыз кабар таркатыш үчүн тапкан айласы ушул болуп жатат", - деди Навальный.

Ал арада “Яндекс.Акча” ишканасынын расмий өкүлү Ася Мелкумова журналисттерге сүйлөп, башкы прокуратура Навальныйга түшкөн акчаны текшерүү үчүн аларга расмий кайрылбаганын билдирди. “Акча кайсыл жактан түшкөнүн билүү техникалык жактан мүмкүн болгону менен, аны жиберген кишинин жарандыгын текшерүү мүмкүн эмес”, - деп кошумчалады Мелкумова.

Алексей Навальный дүйшөмбүдө жазган блогунда азыр миллиондогон орусиялыктар дүйнөнүн ар кайсыл бөлүгүндө эс алып жүрүшкөнүн, ошол эле маалда канчалаган эл Орусиянын ичинде турса да, интернетте чет өлкөнүн IP даректерин колдонушу мүмкүн экенин эске салды.

Өткөн аптада өзүнүн блогунда Навальный азыр мэрлик үчүн күрөштө башкы атаандашы Собяниндин өспүрүм курактагы кызы кантип Москвада дээрлик 5,27 млн. долларлык батирде жашаганын жазган. Собяниндин маалымат катчысы болсо кийинчерээк журналисттерге сүйлөп, ал батирди Собянинге 2006-жылы президенттик администрациядан беришкенин, кийинчерээк батирди ал менчиктештиргенин кабарлаган болчу.

Азыр көпчүлүк Сергей Собянин Москванын жаңы мэри болуп шайланып, 50 млрд. долларлык бюджети бар шаарды башкарып калат го деп ишенет. Собянин башка талапкерлер менен кошо теледебатка катышуудан баш тартканы анын 8-сентябрга белгиленген шайлоо ачыктыгынан күмөн саната баштаган өңдүү, эл пикирин сурамжылоолордун жыйынтыгына ал билдирүүсү заматта таасир этти.

Өткөн айда Алексей Навальный Киров облусунда губернатордун кеңешчиси болуп турган чакта жарым миллион долларлык мүлктү уурдаган деген айып боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга кесилген. Ал өзү айыпты толугу менен четке кагып келет. Бирок аны азыр шайлоого катышуу укугунан ажыратпаш үчүн камашкан жок.

Орусияда Навальный коррупцияга каршы күрөшкөн блоггер катары кеңири таанымал. Бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясын “уурулар менен шүмшүктөрдүн партиясы” деген аныктаманы да ушул киши ойлоп тапкан. Кийин бул аныктама бүтүн орус оппозициясынын жүрүштөрүндө ураан катары колдонула баштады.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG